Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Орусия-Түркия: Мамилелер жаңы баскычта


Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин Түркияга иш сапары батыш басма сөз каражаттарында кызуу талкууга алынды.

Лондондун “Financial Times” гезити Владимир Путиндин Түркияга сапары жана тараптардын бир катар маанилүү макулдашууларга кол коюшу тууралуу макала жазган.

Анда Владимир Путин Орусиянын газын Кара деңиздин астынан өтчү куурлар аркылуу Европага алып чыгары болжолдонгон ‘Түштүк агым’ долбоору үчүн Түркиянын макулдугун алып, чоң ийгиликке жетишкени белгиленет.

“Пландалган долбоордо төшөлүүчү куурлар Кара деңизде Түркиянын суу аймагынан өтөрү каралган үчүн ага Түркия макулдугун бериши керек эле” деп белгилейт автор. Өткөн айда Евробиримдик менен Түркия Орусияны кыйгап өтүп, Европага газ жеткирери болжолдонгон “Набукко” долбооруна кол койушкан. Мына эми Анкара Орусия менен “Түштүк агым” долбоору боюнча макулдашууга кол койгону таң калдырат.

Макалада “иш жүзүндө бул - сөз маанилүү таламдар болгон кездерде достук эмес, өнөктүк үстөмдүк кыларын айгинелеп турат” деп айтылат. Макалада Орусия "Түштүк агым" аркылуу Украинаны кыйгап өтүп, Европага газ сатууну көздөрү эске салынат да, Анкара өзүнүн суу аймагынан өтүүсүнө макул болгонуна карабастан ал куур Орусиянын газына көз каранды Түркиянын өзүн деле кыйгап өтө турганына көңүл бурулат.

NYT гезити да бул темага кайрылып, Москва менен Анкара Түркиянын отун энергетикасы боюнча маанилүү транзит өлкө болуу мүдөөсүн колдоп, ошол эле кезде Азиядан Европага газ алып чыгуудагы Москванын монополиясын колунда сактап калуусуна шарт түзө турган бир келишимге кол коюшканын билдирет.

Лондондо чыгуучу “Times” гезити Анкарада Орусия менен Түркиянын ортосунда “Түштүк агым” кууру боюнча келишимге кол коюу аземине Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлусконинин да катышканына токтолуп, муну менен Берлускони менен Путиндин ортосундагы достук ого бетер бекемделгенин бышыктайт. Бул долбоор Италиянын ЭНİ компаниясын Европадагы эң ири газ бекетине айландыра турганы белгиленген макалада 10 миллиард еврого бааланган “Түштүк агым” долбоору Италиянын ЭНИ компаниясы менен “Газпромдун” биргелешкен демилгеси экени айтылат.

“The Jamestown Foundation” аттуу кордун интернет баракчасында жарыяланган макалада Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосунда Каспий деңизинин макамы тууралуу жакында чыккан чатакка сереп салынат. Түркмөн президенти Бердимухаммедовдун өткөн айда Азербайжанды Каспий чатагы боюнча эл аралык арбитраж сотуна кайрыларын билдирүүсү - расмий Бакуну дүрбөлөңгө салганы белгиленип, Баку менен Ашхабаддын ортосунда келип чыккан бул күтүлбөгөн чатак, бир гана “Набукко” долбоорунун келечегине эмес, башкака аймактык долбоорлорго да залакасын тийгизери ыктымал экени бышыкталат.
XS
SM
MD
LG