Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Стамбулда террористтердин уясы жок кылынды


Стамбул шаарынын коопсуздук органдары жуманын башында Бостанжы аталган райондо террористтердин уясы деп шектелинген бир үйдү курчап алды. Келип чыккан кагылышуунун натыйжасында 3 киши өлүп 7 полициячы жарадар болду.

Стамбулдун полиция башкармалыгы дүйшөмбү күнү шаарда террорчул үч уюмга каршы 60 чактуу үйгө чабуул жасады. Алардын ичинен өзгөчө шаардын Азия жакасында орун алган Бостанжы районундагы үйгө жасалган чабуул күн бою уланып, сыналгы каналдары операцияны түз эфир аркылуу берип турушту.

Операция башталары менен үйдө бекинген, кийин аты Орхан Йылмазкая экени такталган террорист чыгарган ок эки полициячыга тийип, оор жаракат алган операция башчысы инспектор Семих Балабан окуя болгон жерде каза болду.

“Төңкөрүлүшкүл ужура” деп аталган марксисттик көз караштагы уюмдун жетекчилеринен экени билдирилген Йылмазкая атындагы террорист полициянын рациясы аркылуу басма сөз кызматчыларына кайрылып, багынбай согуша турганын жана үйүндө көп сандаган гранат жана ок-дары бар экенин билдирди.

Полиция операциянын жүрүшүндө күчөтүлгөн коопсуздук чараларын ишке ашырган болсо дагы басма сөз бир күндөн кийин полиция операциянын жүрүшүндө шалаакылык кылып, жетиштүү коопсуздук чарасын көрбөгөнүн, ошол себептүү 16 жашар бир өспүрүмдү жана полиция кызматчысын да кошуп алганда 3 киши өлгөнүн, мунун башкы күнөөлүүсү Стамбул шаарынын губернатору менен полиция башкармалыгынын төрагасы экенин жазып чыгышты.

Шейшемби күнү Стамбулдун губернатору Муаммер Гүлер басма сөз жыйыны уюштуруп, операция тууралуу маалымат берди.

“Жол кыймылы жана карапайым элдин коопсуздугу менен байланыштуу мумкүн болгон эң жогорку деңгээлдеги коопсуздук чаралары ишке ашырылды” деген губернатор, операциянын соңунда өлгөн террорист мүчөсү болгон уюм, аша чапкан солчул-марксист бир уюшма болуу менен гана чектелбестен, ПКК террор уюму менен катышып-кызматташып келген бир уюм экенин билдирди.

Ал операция ийгиликтүү аяктаганына белгилеп, тилекке каршы бир полициячы жана бир карапайым киши өмүрүнөн ажыраганын, террорго каршы күрөш оңой эмес экенин кошумчалады. Ал ошондой эле, дүйшөмбү күнкү операцияларда аталган уюмдун 14 мүчөсү тирүүлөй, бирөө өлүп колго түшкөнүн билдирди.

Кабарларга караганда, полиция Түркиянын Коня шаарында дагы окшош бир операция уюштуруп радикалдуу динчил уюумдарга мүчө болгон 13 кишини кармап кеткен.

Полициянын берген маалыматына караганда, кармалган кишилер Ооганстанга ыйык согушка кетүүнү каалаган кишилерди машыктырып, террорист даярдаган бир уюмдун мүчөлөрү.

Андайча уюмдардын бири өткөндө, тагыраак айтканда 2003- жылы Стамбулда бир синагогия жана бир банк имаратында бомба жардырып, көптөгөн адамдардын өмүрүн кыйышкан эле.


XS
SM
MD
LG