Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Түркиянын Евробиримдикке кирүү жолунда тоскоолдук көбөйдү


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын Европалык Биримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө тоскоолуктар көбөйдү. Өкмөт алдына койгон максатынан тайбай турганын билдирип жаткан менен Кипр жаңжалы өңдүү алдыда чийеленишкен маселелер арбын.

Европа Парламенти тарабынан жактырылып чыккан 2009-жыл үчүн Түркия отчету ансыз деле мүчөлүккө тоскоолдуктардан улам тажап бараткан Анкаранын нааразылыгын пайда кылды. Анкаранын пикиринде, ЕБ Түркияга берген убадаларын кармабай, Кипр жаңжалы, өлкөдөгү адамдын укуктарынын абалы өңдүү ар кандай шылтоолорду бетке кармап, мүчөлүк жараянын бөөдө создуктуруп жатат. Европарламенттин кийинки отчетунда “Кипрдеги сүйлөшүүлөрдү алга жылдырыш үчүн Түркия аскерлерин аралдан чыгара баштоосу зарыл” деп коюлган талап Анкара тарабынан дароо четке кагылды. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бейшемби күнү Анкарада ЕБге мүчө өлкөлөрдүн баш элчилери үчүн сый тамак уюштуруп, бул тууралуу өкмөттүн турумун ачыктап берди.

“Бул жерде мен бир чындыктын астын сыза кетким келет. Европарламенттин кийинки отчетунда жалпысынан алганда бир тараптуу, чындыкка төп келбеген жана биз кабыл алууга мүмкүн болбогон жагдайларга орун берилгени жана мүчөлүк жараянына терс таасирин тийгизчү турумдан мамиле жасалганы байкалып жатат. Отчетто ЕБ Түркиядан күткөн нерселер камтылып, Еврбироимдиктин Түркияга карата убадалары жөнүндө дегеле сөз козголбошу кишини ойлонтпой койбойт”,- деди Эрдоган.

Премьер-министр европалык баш элчилердин алдында айткан сөзүндө, биримдикке мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө сүйлөшүүлөр создуктурулуп жаткандыктан, Анкаранын чыдамдуулугу жукара баштаганын билдиргиси келди. 1996- жылда биримдике мүчө болбой туруп эле ЕБ менен бажы биримдигин түзгөн Түркия өзүн сызга олтурган тарап катары сезүүдө. Түркиянын мүчөлүгү ЕБге түйшүк эмес, пайда алып келерин билдирип келген Анкара Түркияны мүчөлүкө кабыл албаган Европа дүйнөлүк күч боло албай турганына да басым жасоодо. Маселен, ЕБ Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу ишинде бүгүнгө чейин чеке жарытарлык бир демилге көтөрө албады.

Бул чындыкты “Тышкы байланыштар боюнча Европа Кеңеши” аталган кеңештин кийинки макаласынан даана көрүүгө болор эле. Макалада Европанын Палестин проблемасына кийлигишүүдөн ар дайым тартынып келгени белгиленип, биримдик дүйнөлүк күч болгусу келсе, чоңураак ойлошу зарыл экени билдирилет. Анда ошондой эле ЕБ Түркиянын армиясын да кошуп, көп улуттуу тынчтык күчтөрүн түзө алары жана ал күчтөр Газа сызыгында жана Батыш Йорданда тынчтыкты сактоо милдетин аткара алары көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG