Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Түркияда орустардын жардамы менен биринчи АЭС курулат


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана Орусия президенти Дмитрий Медведев
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана Орусия президенти Дмитрий Медведев

Орусия президенти Дмитрий Медведев 11-майдан тартып Түркияда иш сапары менен жүрөт. Түркия жетекчилиги менен болгон кептин төркүнү – эки өлкөнүн биргелешкен аракети менен биринчи атомдук электр станцияны куруу жөнүндө болду.

Орусиянын тышкы соода өнөктөштөрүнүн ичинен Түркия бешинчи орунда. Маселен, 2008-жылы эки мамлекет ортосунда жүгүргөн соода 44 миллиард долларга жеткен. Бул жолу президент Д. Медведев менен Түркия президенти А. Гүл аймактык коопсуздуктагы чечилбей келаткан маселелерди, баарыдан мурда Кавказ, Ооганстан жана Борбордук Азияда окуялар жөнүндө кеп курушкан.

Бирок көч башындагы кеп – электр кубатын өндүрө турган - көгүлтүр отун, карамай жана куур жаткырууга келип такалган. Эмне дегенде анда чоң саясат маанайы жатат дешет. Ошол себептен, Кремл төрүндөгүлөрдүн бир максаты – Түркиянын түштүк деңиз жээгине салынганы аткан ири атомдук электрстанцияны Маскөө салып бермек болгон. Ал туурасында жазылган келишим этегине Дмитрий Медведев менен Абдулла Гүл колдорун коюп, бүттү кылышкан.

Долбоорго кете турган чыгым эсеби 20 миллиард доллар экенин агенттиктер жазышты. Ал электр станцияны пайдаланууга берүү туурасында Түркиянын өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган жети жыл ичинде деп жооп берген. Энергия кубатын өндүрүү боюнча баш аягы 17 келишим түзүлгөн.

Эксперттер баамында, Украина менен алака чатактуу болбогондо «Түштүк агымды» куруу деле, Түркия менен жакындашуу деле кереги жок болчу. Киев менен мамиле олку-солку болуп, ошондон улам Анкаранын көңүлүн издеп аткан Маскөө. Аны түрктөр да тымызын түшүнгөндүктөн орустардын колун толгоп, өздөрү айтканга көндүрүп атат. Көнбөскө беркилердин чамасы жок болуп атат. Ошол себептен «Набукко» боюнча да «Түштүк агым» боюнча да пайданы Анкара тапты.

Жакында В.Путин «Нафтогазды» «Газпромго» кошулсун демилгесин көтөргөндө Украина колдоп кеткенде түрктөргө жалдырабайт болчубуз, ал тургай чыгымы оор «Түштүк агымды» да куруп кереги жок эле дешет. Мындай пикирди, маселен, улуттук энергетика коопсуздугу корунун жетекчиси Константин Симонов айтат:

- Брюссел менен бирге Түркиянын баасын биз бийик көтөрүү менен дагы бир жолу жаңылыштык кетиришибиз ыктымал. Эмне дегенде Түркияны биз дагы бир Украинага айлантып алышыбыз мүмкүн.

Чет элдик маалымат каражаттары эки лидер жолукканда Түштүк Кавказ жана Чукулку Чыгыш аймактарындагы узакка созулган кармаштарды да талкууга алышат деп жазышкан эле – ошондой болуп чыкты. Олтурумдан соң Д. Медведев кеби мындай чыкты:

- Кавказ аймагында жагдайдын туруктуулугун чыңашка Орусия менен Түркия кызыктар. Анын катарында Тоолуу Карабак кагылышын чечүү маселеси да бар.

Жолугушуу маалында ошондой эле эки өлкө ортосунда жарандар үчүн виза албай эле барып-келүү болсун эрежесин киргизген келишимге кол коюлду.

XS
SM
MD
LG