Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Күрд партиясына салынган тыюу кагылышууларга алып келди


Күрддөр полиция менен 6-декабрда да кагылышкан. Алардын жоон тобу анда ПККнын камактагы лидери Абдулла Өжаландын түрмө шартына нааразылык билдирип чыгышкан.
Күрддөр полиция менен 6-декабрда да кагылышкан. Алардын жоон тобу анда ПККнын камактагы лидери Абдулла Өжаландын түрмө шартына нааразылык билдирип чыгышкан.

Түркияда Конституциялык сот күрд партиясына козголоңчулар менен байланышы бардыгы үчүн тыюу салды. Мунун артынан Түркиянын шаарларында күрддөр менен полиция күчтөрүнүн кагылышуулары орун алды. Партия жетекчилиги депутаттары парламенттен кетерин жарыялады.

Түркиянын Конституциялык соту ДТП (түркчө кыскача аталышы) же Демократиялык коом партиясына тыюу салган чечимин бул саясий уюмдун күрддөрдүн мурда эле мыйзамсыз деп табылган ПКК же Күрдүстан жумушчу партиясына байланышы бардыгы менен негиздеди.

Конституциялык соттун төрагасы Хашим Кылыч жума күнү чечимди жарыялап жатып буларга токтолду:

- Партия тарабынан жасалган билдирүүлөр менен аракеттер мамлекеттин бөлүнгүс бүтүндүгүнө каршы терроризмдин очогуна айланганын эске алуу менен Демократиялык коом партиясын Конституциянын 68 жана 67, ошондой эле Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдын 101, 103- беренелерине ылайык жабуу чечими кабыл алынды.

“Ишенимге карай сокку”

Муну менен азыркы Түркиянын тарыхында жабылган партиялар саны 25ке жетип олтурат. ДТПнын төрагасы Ахмед Түрк Конституциялык соттун чечимине жооп кылып, алар парламенттеги ишмердигин токтотоорун жарыялады:

- Биз демократиялык саясатка ишенебиз. Бирок биздин достор кызматтан чегинүү ниетин билдиришти. Бүгүнтөн тарта биз парламенттен кетебиз, парламенттин ишине катышпайбыз. Бирок мен баары бүгүнкү, эртеңки күн жана келечек жөнүндө дагы бир жолу ойлонот деп үмүттөнөм.

Ахмед Түрк ага катар Конституциялык соттун чечимин айыптоо менен аны “биздин тынчтыкка болгон ишенимибизге карата сокку”,- деп атады. ПККны зордук –зомбулугун, армияны аскерий операциясын токтотууга чакырып, “кан кан менен тазалана албайт”,- деп белгиледи.

550 орундуу түрк парламентинен тыюу салынган партиянын 19 депутаты кетти. Ал эми партиянын төрагасы Ахмед Түрк жана башка эки депутат Конституциялык соттун жума күнкү чечимине ылайык мандаттарынан кол жууду. Анткени партиянын 37 өкүлүнө 5 жылга чейин саясатка аралашуусуна бөгөт коюлду.

Демократиялык коом партиясынын ырастоосунда, аларда ПКК менен “табигый” байланыш жок, бирок аны террорчул уюм катары таануудан баш тарткан.

Түркия кошулууга үмүттөнүп жаткан Евробиримдик Конституциялык сот чечимине байланыштуу камтамачылыгын билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменти жарандардын саясий укуктарын чектеген чаралар “абдан кылдаттык менен колдонуусу керектингин” эскертти.

Партиясынын мыйзамсыз деп табылышы күрддөрдүн жаалын кайнатты

Тыюу салуудан соң Түркияда, өзгөчө өлкөнүн күрддөр көп жашаган түштүк-чыгыш аймагында нааразылыктар тутанды. Кыжырданган демонстранттарды таратуу үчүн полиция суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Стамбулда жүздөгөн күрддөр менен полицейлердин кагылышы чечим чыккандын эртеси – ишембинин кечинде да орун алды. Күрддөр чоң көчөлөргө баррикада тургузуп, өрт коюшту.

Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хаккари шаарында “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, көчөгө чыккандар коопсуздук күчтөрүн таш менен уруп, полициянын башчысы менен бир кызматкерди өз алдынча эле жазалап салууга аракеттенген. Алар жергиликтүү саясатчылардын кийлигишүүсү менен бошотулду. Кагылышуулар учурунда жаракат алгандар болгон, ошондой эле ондогон адамдар кармалган.

Түрк президенти сот чечимин колдоду

Президент Абдулла Гүл Конституциялык соттун чечимин кубаттап, Күрд жумушчу партиясы же ПККны Анкаранын күрддөр үчүн реформа планына “саботаж” жасоого умтулганы үчүн айыптады.

Түркиянын азыркы өкмөтү өлкөдөгү эң ири азчылык деп эсептелген күрддөр менен мамлекеттин мамилесинде жаңы башталышты убада кылган. Сунуш кылынып жаткан реформа күрддөрдүн эркиндигин кеңейтет, мындан улам ПККны колдогондор азаят деген үмүт бар.

Күрд жумушчу партиясы 1980-жылдардын оро ченинен тарта Түркиянын түштүк-чыгышында куралдуу өнөктүк баштагандан бери 40 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Түркия менен катар АКШ, Евробиримдик да ПККны террорчул уюмдардын тизмесине кошкон. Күрддөр Түркиянын 70 миллиондон ашуун калкынын 20%дайына барабар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG