Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Борбор Азиядагы түрк окуу жайларынан чочулаш керекпи?


Хорезмдеги мурдагы түрк лицейи, Өзбекстан
Хорезмдеги мурдагы түрк лицейи, Өзбекстан

Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда түрк лицейлери пантүркизм жана диний идеяларды жайылтып жатышат деген күмөн саноолор пайда болду. Айрымдардын пикиринде мындай кырдаал болочокто аймактагы секуляризмге залака тийгизиши ыктымал. Түрк мектептеринин билим берүүдөн тышкары башка максаттары барбы?


Кыргызстан сыңары эле Тажикстанда да түрк лицейлери өзгөчө колунда барлар арасында өтө популярдуу. Сабактар англис, түрк, орус жана тажик тилдеринде өтөт. “Кожа Кемал” лицейинин директор орун басары Сумбула Хожоназарованын айтымында, окууну бүтүргөндө окуучулар 4 тилде тең жакшы сүйлөй алышат.

- Балдар өзгөчө англисче жакшы үйрөнүшөт. Аптасына 16-17 саат англис тили окутулат. Биз эң мыкты эл аралык усулдарды колдонобуз. Башка мектептерде андай программалар жок.

Борбор Азияда алгачкы түрк мектептери 1990-жылдардын башында пайда болгон. Ошондо жалгыз Өзбекстанда гана 65 лицей ачылган. Кыргызстанда 2 университетти кошкондо түрктөрдүн 25ке жакын окуу жайы, Тажикстанда 6 мектеп бар.

Көпчүлүк аймактык же улуттук окуу Олимпиадаларын көбүнчө түрк лицейлеринин окуучулары жеңип келатат. Алардын бүтүрүүчүлөрү Батыш университеттеринен стипендия алган учурлар да аз эмес.

Бирок соңку мезгилде кээ бир өкмөт өкүлдөрү, журналисттер, окумуштуулар түрк мектептерине күмөн саноо менен карай башташты. Түркмөнстанда лицейлердин окуу программаларынан диндин тарыхын алып салууга буйрук берилсе, Тажикстан пантүркизм идеяларынын жайылышынан чочулайт. Эң катаң чаралар болсо буга чейин Өзбекстанда көрүлдү. Ташкент 1999-жылы эле Анкара менен мамилелери бузлуганда өлкөдөгү бардык түрк мектептерин жаап салган.

Быйыл болсо Өзбек бийлиги түрк лицейлерин бүтүргөн кеминде 8 журналистти камакка алды. Аларга мыйзамсыз диний топ түзгөн деген айып тагылып, 6 жарымдан 8 жылга чейин түрмөгө кесилишти. Жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, журналисттер Нурчулар деген тыюу салынган диний уюмдун мүчөлөрү болчу. Жана ошол эле маалымат каражаттарынын ырастоосунда, 1990-жылдардын башында өзгөчө активдүү болуп келген уюм Өзбекстандын секулярдык түзүлүшүн өзгөртүүгө аракеттенген. Өзбек бийликтери түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик кызматтарга отуруп, секулярдык өкмөттү алсыратуу аракетин көрүшүүдө деп шектенишет. Соттолгон журналисттер болсо аларга тагылган күнөөнү четке кагышууда.

Новосибирск университетинин профессору Илхом Мерожов Өзбекстандагы түрк лицейин аяктаган. Анын айтымында, Нурчулар деген топ же исламчыл иделогия таптакыр жок.

- Өзбекстандын тоталитардык өкмөтү бардык нерселерден шектенет. Алар түрктөр президент Каримовдун режимин кулатуу үчүн кутум уюштурушат деп чочулайт. Бул жөн гана режимдин паникасы. Түрк мектептери эч кандай саясий максаттарды көздөшпөйт.

Борбор Азиядагы гана эмес, башка өлкөлөрдөгү түрк окуу жайларын динаятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы каржылайт. Ушу тапта АКШда жашаган Гүлен терроризмди айыптаарын жана сабырдуулукту, диндер аралык диалогду колдоорун айтат. Мекенинде ал секулярдык түзүлүштү ислам мамлекетине алмаштыруу аракети үчүн айыпталып, бирок 2006-жылы акталган. Гүлендин кыймылы 90дон ашуун өлкөдө 500 билим берүү жайларын ачкан.

Күмөн саноолор өскөн сайын түрк лицейлери алардын саясий максаттары жок экенин далилдөө аракетин көрүүгө киришти. Тажикстанда журналисттер мектептерге чакырылып, окуу программалары менен тааныштырылса, Түркмөнстанда динге тиешелүү сабактарды алып салууга макул болушту.

Душанбедеги “Кожа Кемал” лицейинин окуучусу 15 жаштагы Саижон өлкөсүндөгү эң мыкты окуу жайында билим алып жатканына кубанганын жашырбайт:

- Мен Олимпиадаларга катышуу үчүн бир нече өлкөгө - Казакстан, Монголия, Вьетнамга барып келдим. Дүйнөнү көрүү, билимибизди кеңейтүү, Тажикстанды эл аралык сахнада таанытууга мүмкүнчүлүк алдык.



XS
SM
MD
LG