Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Түркияда "Уотергейт" жаңжалы башталдыбы?


Түркиянын преьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын преьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Түркияда дагы бир жолу телефон тыңшоо чуулганынын бети ачылып, сот бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда олуттуу кризис пайда болду. Башкаруудагы өкмөт мыйзамсыз телефондорду тыңшагандарга жазалоо чаралары күчөтүлө турганын билдирди.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкүмөтү шаршемби күнү ырбап бараткан телефон тыңшоо аркылуу кишилерди аңдуу чуулганы жүрүп олтуруп дагы бир жолу башкаруудагы Ак Партияны жабуу аракетине айланса, өлкө аңтар-төңтөр болуп, тополоң чыга турганын эскертти.

Адилет министирлигинин айрым таанымал судялардын жана прокурорлордун телефондорун тыңшоого уруксат бергенинин бети ачылгандан кийин, сот бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда катуу ызы-чуу чыгып, эки бийлик бутагы бири бирин айыптап баштады.

Ак Партияны жаап салууну көздөгөн жаңы бир сот иши башталган абалда "Түркияда хаос келип чыгат. Экономикалык жана саясий туруктуулук бузулат",- деп эскертти вице-премьер-министр Жемил Чичек бейшемби күнкү маалымат жыйынында.

- Кабарлашуунун купуялыгын, кишилер арасындагы сүйлөшүүлөрдүн тыңшалуусу жана тасмага жазылуусун иретке салган, жеке турмуштун жана тергөөнүн купуялыгын иреттеген Кылмыш- Жаза Кодексинин тийиштүү беренелерин кайра оңдоп, жазаларды көбөйтүп жатабыз, - деди вице-премьер-министр.

Ал ошондой эле тыңшоону талап кылган сот, чечимди чыгарган сот бийлиги, тыңшалган киши сот бийлигинин мүчөсү, бул ушул 3 тараптын ортосунда болгон иш, ошондуктан муну башка жактарга тартыш туура эмес болор эле, деп өкүмөттү актады.

Айта кетсек, айрым прокурорлор жана Адилет министирлигиндеги атка минерлер Эрдогандын исламчыл традициядан башат алган Ак партиясына каршы чыккандыгы үчүн камакка алынган "Эргенокон" тергөө ишинин алкагында, айрым саясатчы, журналист, аскер жана сот кызматчыларынын телефондорун тыңшоо тууралуу тийиштүү мекемеге кайрылышканы билинип калды.

Оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясынын лидери Дениз Байкал телефон тыңшоо чуулганын АКШда Президент Никсонду бийликтен кетирген "Уотергейт" чуулганына окшотуп, телефондорду тыңшоолорду өкүмөт башчысы Эрдогандын өзү тескеп, өзү башкарып жатат деп оор кине койду.

Бул айыптоону премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган чечкиндүү түрдө четке какты:

- Мени дагы 6 айдай убакыттан бери эч кандай бир соттун чечимисиз айрым кишилер тыңшаганы белгилүү болду,- деди премьер.

Ал эми Адилет министири Садуллах Эргин бейшемби күнү жеке бир телеканалда чыгып сүйлөгөндө, баары болуп 56 судя жана прокурор тыңшалганын, алардын 36 сынан эч кандай бир кылмыш далили табылбаганын жана тыңшоо тасмалары менен документтер шаршемби күнү жок кылынганын билдирди.

Саясий серепчилердин пикиринде, бийликтин сот жана аткаруу бутактарынын ортосундагы саясий жарака тереңдеп кеткен абалда Түркиянын ЕБге мүчө болуу жараянындагы баштапкы көрсөтмөлөрдүн бири саналган сот реформасын жасоо планы тобокел жолго өтүп кетиши ыктымал. Бул ошол эле учурда ички туруктуулукка терс таасирин тийгизип, экономикалык жана саясий тополоңго да алып барышы мүмкүн. Бул маселе боюнча президент Абдуллах Абдуллах Гүл төмөнкүдөй турумун билдирген:

- Сот адилеттүүлүгү - бул абдан олуттуу маселе. Соттун адилеттүүлүгүнө ишеним бекем сакталышы зарыл. Албетте, укук мамлекетинде тыңшоолордун өзүнө жараша шарттары, мыйзамда каралган процедуралары бар. Керек болгондо, мыйзамдарга шайкеш түрдө абдан кылдат мамиле жасаш керек бул маселеге.

XS
SM
MD
LG