Николя Саркозинин кеңсеси жасаган чакан билдирүүгө ылайык, эки лидердин жолугушуусунда Франция менен Түркмөнстандын алакалары, Ашгабад менен Европа биримдиги ортосундагы кызматташтык жана Ооганстан маселеси кепке алынмакчы.
Бул – авторитардык мамлекет деген аткан конгон Түркмөнстан президентинин Франциядагы алгачкы сапары.
Байкоочулар белгилегендей, сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтык үстөмдүк кылмакчы. Бердимухаммедов газга бай өлкөнү чет элдик инвесторлор үчүн ачууга убада берип келатат.
Атын атагысы келбеген франциялык эксперт “Азаттык” менен маегинде тараптардын экономикалык кызматташтыгы жөнүндө буларды айтат:
- Биз бир нече чөйрөдө экономикалык мамилелерди жакшыртууну көздөйбүз. Маселен, бизди мунай жана газ тармагы, газ өндүрүү, аны иштетүү кызыктырат. Ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү иштерине тартылууга үмүт кылабыз. Жаңы технологиялар жагынан сунуштай турган көп нерселерибиз бар.
Ашгабад түркмөн газын Еврошаркеттин кардарларына Россияны кыйгап өткөн жолдор менен жеткирип турууга даярдыгын ишара кылган эле.
Түркмөн мамлекет башчысы ошондой эле адам укуктарынын абалы жакшырып жатканын ырастаганы менен, сынчылар өзгөрүүлөр дээрлик жокко эсе дешет.
Түркмөн лидери Парижге аттанаардын алдында Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Франциянын адам укуктары лигасы, Хьюман Райтс Уоч жана Чегарасыз кабарчылар уюмдары биргелешкен билдирүү жасап, Түркмөнстанда жарандардын эң негизги эркиндиктери жана укуктары олуттуу түрдө чектелип жатканын белгилешти.
Укук коргоочулар президент Саркозини визиттен пайдаланып, Түркмөнстандагы адам укуктарынын өкүнүчтүү абалы жөнүндө кеп козгоп, түркмөн лидеринен абалды жакшыртууну талап кылууга үндөштү.
Адам укуктары боюнча эларалык федерерациясынын өкүлү Саша Кулаеванын айтымында, Париждин кысым көргөзүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн:
- Менимче, Франциянын колунда азыр, мурдагыдан айырмаланып, бир нече мүмкүнчүлүк бар. Биринчиси, албетте, Шериктештик жана Кызматташтык келишими. Экинчиси – визиттин жүршүндө жана андан кийин кол коюла турган макулдашуулар. Түркмөнстан аларга дайыма кызыкдар деп ойлойм. Кыскасы, Франциянын жакшы мүмкүнчүлүгү бар.
Европа биримдиги менен Түркмөнстан ортосундагы Шериктештик жана Кызматташтык келишимине Түркмөнстандагы адам укуктарынын начар абалына байланыштуу бир нече жыл бою кол коюлбай келген. Макулдашууга ылайык, тараптар адам укуктарын урматтоого милдеттенме алышат. Ал принцип бузулса, тараптардын бири келишимди убактылуу токтотууга укуктуу. Былтыр кол коюлган документ шаркетке кирген ар бир мамлекеттин улуттук парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек. Укук коргоочулар келишим эки өлкө - Франция жана Улуу Британия тарабынан жактырыла элек дешүүдө. Франция парламенти ушу тапта аны ратификациялоону караштырууда.
Айтмакчы, былтыр күзүндө Николя Саркози Астанага мамлекеттик сапар менен барганда адам укуктары маселесине келгенде: “Казакстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун стандарттарын ишке ашырууга аракеттенүүдө”, - деп чектелген.