Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Ооганстанда абал оңоло элек


Нью-Йорк -- Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Кай Эйде.
Нью-Йорк -- Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Кай Эйде.

Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардамдашуу миссиясынын мандаты алдыдагы аптада дагы бир жылга узартылат. Мунун алдында Коопсуздук Кеңеши өлкөдөгү жагдайды талкуулады.

Уюмдун Ооганстандагы атайын өкүлү Кай Эйде Коопсуздук Кеңешиндеги сөзүндө Кабул бийликтерин баарыдан мурда быйыл августтагы президенттик шайлоону адилет жана ачык өткөрүүгө чакырды. Мындай болоруна күмөнсүп жаткан оппозициянын пикиринде олуттуу жүйөө бар экенин белгилеп, атайын өкүл эгер шайлоо будамайга салынып бурмаланса, ансыз деле кыл учунда турган саясий кырдаалды ого бетер курчутуп,каз-каз туруп келаткан демократиялык институттарды андан бетер алсыратарын эскертти.

Атайын өкүл полициянын реформасы башталганын,апийим аянттары аз болсо да кыскарып баратканын,агрардык тармакта айрым жылыштар болуп жатканын дурус жышаан катары баалады.

Коопсуздук чөйрөсүнө токтолуп,Эйде азырынча абал оор бойдон калганын ырастады. Буга кошо ал АКШнын аскер контингенти көбөйгөн соң уруштар активдешип кетеби деген камтамачылыгын да жашырбады. Ошону менен бирге Эйде эл аралык күчтөрдүн командачылыгы операциялардын тактикасын жана стратегиясын өзгөрткөнү жатканын кубаттады. Атайын өкүлдүн айтымында,бул иштердин эң башкы максаты - жайкын калк арасындагы бөөдө чыгымдарды кыскартууда турат.

АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн саясий маселелер боюнча орунбасары Розмари ДиКарло Вашингтон миссиянын мандатын узартуу планын колдой турганын ырастады. Ооганстандагы быйылкы шайлоону Кошмо Штаттары стратегиялык маанидеги негизги окуя деп эсептей турганын көрсөтүп, ДиКарло ачык жана адилет өнөктүктө гана ооган эли өзү каалаган жетекчилерин коркпой-үркпөй,эркин шайлап аларын кошумчалады.

Россиянын элчиси Виталий Чуркин уюмдун миссиясына материалдык-техникалык жактан Москва жардам көрсөтөрүнө ишендирди. Мындан тышкары ал Ооганстандын бир катар райондорун террорчулар контролдоп,ал жерлерде өздөрүнүн башкаруу структураларын түзүп жатканына өзгөчө тынчсыздануу билдирди.

“Жакынкы аралыкта Москвада,андан соң Гаагада ооган донорлорунун жыйындары болот. Ошондо алар бул өлкөнүн алдындагы милдеттенмелерине дале бекем экендигин бышыктай алышат”,-деп айтты Франциянын өкүлү Жан-Морис Рипер.

Буга байланыштуу уюмдун атайын өкүлү Кай Эйде инфраструктура чөйрөсүндөгү ири долбоорлордон айыл чарбасындагы иштерге чейин регионалдык кызматташууну өнүктүргөнгө ооган жеринде мүмкүнчүлүктөр бар экенин эске салды.

“Болгону куру сөздөрдөн реалдуу иштерге өтө турган маал келди”,-деп айтты атайын өкүл. Кабулга жана башка шаарларга Өзбекстандан электр энергиясы келе баштаганын Эйде регионалдык кызматташтыктын көзгө көрүнгөн алгачкы натыйжасы деп атады.

XS
SM
MD
LG