3 күндүк форумдун уюштуруучулары Рио-де-Жанейрого 2 миңдей катышуучу келет деп күтүшүүдө. Жогорку даражалуу коноктордун арасында Бразилиянын президенти Лула да Силва, Түрк өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган, Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бар.
“Маданияттар көпүрөсү – тынчтык түзүү” деп аталган быйылкы конференцияда миграция, адам укуктары, билим берүү чөйрөсүндөгү проблемалардан тышкары, Интернет, социалдык түйүндөр туш болуп жаткан тоскоолдуктар талкууланмакчы.
Цивилизациялар альянсына бир катар өлкөлөр менен катар Ислам конференциясы уюму жана Европа Кеңеши өңдүү өкмөттөр аралык уюмдар мүчөлүк кылышат. АКШ ага мындан 2 жума мурун эле кошулду.
Альянс 2005-жылы Түркия жана Испания өкмөт башчыларынын демилгеси менен түзүлгөн.
Арийне испаниялык тарыхчы Херман Руеда Хернанц анын ишине сын көз карашын жашырбайт:
- Альянс деген сөз биздин орток бир нерселерибиз болушу керек дегенди түшүндүрөт. Бул жерде болсо коомдук акча эптүүлүк менен ысырап кылынып жатат. Себеби Улуттар уюмунун казынасы коомдук акча менен толуктанып турат. Альянс алгылыктуу жыйынтык алып келмек турсун, негативдүү таасир тийгизүүдө.
Цивилизациялар альянсы чакан уюм, Нью-Йорктогу кеңсесинде 12 эле киши иштейт. Андан тышкары 20 чакты белгилүү адамдан куралган кеңешчилер тобу бар. Ал топко Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами да кирет.
Альянстын изилдөө жана билим берүү боюнча өкүлү Томас Утхуптун айтымында, форум 17 жыл мурун америкалык саясат таануучу Хантингтон сунуш кылган “Цивилизациялар кагылышы” деген тезисин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет:
- Цивилизациялар альянсы өзү ошол парадигмага каршы пикир катары түптөлгөн. Себеби ал тезис иш жүзүндө кээ бир учурларда чындыкка дал келбейт.
Анын далили катары бразилиялык аналитик Матияс Спектор айрым статистикалык маалыматтарды келтирет. Атап айтсак, Бразилия каралардын саны боюнча дүйнөдө Нигериядан кийинки 2-орунду ээлейт, ал жерде жапондордун жана ливандыктардын эң ири диаспоралары жашайт.
Аналитик конференция цивилизациялар ортосундагы диалогго салым кошот деген ишенимде:
- 11-сентябрь окуяларынан кийин терроризмге каршы согуш жөнүндөгү глобалдуу саясий дебаттар дүйнөнү цивилизациялуу жана жапайы элдерге бөлүүнү көздөгөн. Альянс ошол ажырымды толтурууну гана эмес 21-кылымда маданият жана саясат тууралуу талкуулар кандай жүргүзүлүүгө тийиш деген маселени талкуулоону максат кылат.
Алгачкы форум 2008-жылы Испаниянын баш калаасы Мадридде, кийинкиси былтыр Стамбулда өткөрүлгөн. Кыргызстан Цивилизациялар альянсына кирбейт.