Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

БУУ: Кумсаларды коргоого чакырык


Рама Яде – Франциянын тышкы иштер жана адам укуктары боюнча мамкатчысы
Рама Яде – Франциянын тышкы иштер жана адам укуктары боюнча мамкатчысы

Улуттар уюмунун өткөн аптадагы жыйынында Адам укугунун негизги укуктарынын бирине кумсалардын да укуктарын кошуу демилгеси айтылды. Бирок аны АКШ, Орусия жана Кытай колдошкон жок.

Адам укуктары жөнүндөгү универсалдык декларация, мыйзамдык жагынан алып караганда, сөзсүз аткарылышы керек болгон документтердин катарына кирбейт. Ошентсе да, анда «адамдын фундаменталдык укуктары» жана «адам укуктары» тууралуу түшүнүктөр так берилген.

Бул документ жарандык жана саясий укуктар боюнча, ошондой эле экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эларалык келишим өңдүү эки башка документтин жаралышын шарттады. Ошентип, 1948-жылы кабыл алынган Декларация Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн аткарылышы зарыл болгон документке айланып калды.

Анткен менен Адам укуктары боюнча универсалдык Декларацияда сексуалдык азчылыктардын укугу тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

18-декабрда 66 мамлекеттин өкүлү демилге көтөрүп, кумсаларды дискриминациялоо көрүнүшүн Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында талкуулаганга убакыт жетилди дешти. Франция, Аргентина, Бразилия, Хорватия, Габона жана Голландиянын өкүлдөрү бул боюнча кол топтой башташкан.

Рама Яде – Францияда эларалык маселелер жана адам укуктары боюнча мамлекеттик катчы: «Бүгүн 66 өлкө адамдын негизги укуктары, сексуалдык ориентация боюнча көйгөйдү көтөрүүнү туура көрдү. 21-кылымдын башында да кумсалар сексуалдык ориентациясы үчүн эле камалып, кыйноолорго алынып жатышканын биз кантип унчукпай карап тура алабыз?»

Яденин ишениминде, кумcаларды кемсинтүү өңдүү көрүнүштөрдү көрсө да, көрмөксөн болуп олтургандар, алардын укугун коргоп чыкпагандар өздөрү да бул өңдүү кылмыштардын күчөшүнө макул экенин көрсөтүшөт. «Биз эч качан токтоп калбашыбыз керек деп терең ишенем, - дейт ал. - Адам укуктарына каршы жасалган ар бир кылмышка каршы күрөшүү керек. Биз эч качан акыйкатсыздык орун алышына жол бербешибиз лаазым. Ар бир кылмыш тууралуу ачык сүйлөп чыгышыбыз зарыл. Унчукпай койгондун өзү кылмышка жол бергендик менен барабар».

Голландиянын элчиси Максим Верхаген азыр сунуш кылынып жаткан документте деле кемчиликтери бар, бирок бул маселенин өзүн козгоп чыкканга дурус дем берет дейт. «Бүгүн гомосексуализмди кылмыш деп эсептебеген мамлекеттерде деле кумсалар оор кырдаалда жашашат. Анткени алар үй-бүлөсүндө да, жумуш оордунда да, жалпы коомдо да катаал шарттарга туш болушууда», - дейт элчи.

Бүгүн дүйнөнүн 77 мамлекетинде гомосексуализм кылмыш деп эсептелинет. Алардын ичинде жети мамлекетте – Сауд Арапстан, Бириккен Арап Эмираттары, Иран, Мавритания, Нигерия, Судан жана Йеменде – кумса деп айыпталгандар өлүм жазасына тартылышат.

Улуттар уюмунда жаңы декларациянын кабыл алынышы үчүн канча мамлекеттин колдоосу керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Бирок уюмга мүчө 192 өлкөнүн жок эле дегенде жарымы документти колдосо, анда бул олуттуу талкууну жаратмак.

Бирок кумсалардын укугу тууралуу Декларацияны Улуттар уюмунун туруктуу мүчөлөрүнөн эң маанилүү өлкөлөр – АКШ, Орусия жана Кытай – колдобой коюшту.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG