Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Улут башчылары ушундай...


Америка дүйнөлүк проблемалардын баарын жалгыз өзү чечип бере албайт,ар ким өз жоопкерчилигин өзү көтөрүшү керек деп билдирди Барак Обама.
Америка дүйнөлүк проблемалардын баарын жалгыз өзү чечип бере албайт,ар ким өз жоопкерчилигин өзү көтөрүшү керек деп билдирди Барак Обама.

Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясы уланууда. Биринчи күнү жарыш сөздөрдө дүйнөлүк бул уюмду бекемдөө идеясын колдогондор көп болду. Бирок анын мекемелерин кескин сынга алгандар да табылды.

Дүйнөлүк улут башчыларынын урматына баш катчы Пан Ги Мун уюштурган сыяпатта АКШ президенти Барак Обама "Улуттар Уюмунун гүлдөп-өнүгүшү үчүн" тост көтөрдү.

"Бириккен Улуттардын Уюму моралдык авторитеттин жана тынчтыктын башаты болуп калалат",- деп айтты ал жана кайрадан бардык өлкөлөрдү жалпы максаттар үчүн бириккенге чакырды. Бирок Обама "талашсыз жана керагар кадамдарсыз кызматташтык болбой турганын" да моюнга алды.

Ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө Обама дүйнөдө АКШны эч ким менен эсептешпей, өзү билип иш кылат деп сынга алгандарды эми алар обочо туруп алып, "Америка жалгыз өзү дүйнөлүк проблемаларды чечип беришин күтүп отура албай турганын" эскертти. "Сөз жана иш менен да кызматташтыктын жаңы дооруна өтүү керектигин" белгилеп, Обама: "Бааки баарыбызга глобалдык чалкештиктерге глобалдык деңгээлде жооп кайтаруу үчүн ар ким өз жоопкерчилигин өзүнө ала турган маал келди",-деп айткан эле.

Деген менен жоопкерчиликтин көп үлүшүн өздөрүнө эмес, өзгөлөргө, айрыкча Улуттар Уюмуна жүктөгөн лидерлер да болду.

Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафи,маселен,он беш мүнөт ордуна бир сааттай сөз сүйлөдү. Нью-Йоркко келерде такай тоскоолдуктар чыгарын айтып, ал уюмдун баш кеңсесин Жер шарынын Чыгыш бөлүгүнө - Пекинге же Делиге которууну сунуш кылды. Коопсуздук Кеңешин болсо уюмдун уставына ылайык келбеген, демократияга кайнаса каны кошулбаган түзүм катары айыптады. Анын туруктуу беш мүчөсүн Каддафи дүйнөлүк экинчи согуштун жеңүүчүлөрү болгону үчүн вето салуу укугун өздөрүнө энчилеп алган узурпаторлор кыяпта сыпаттады.

"Эми болсо коопсуздук кеңеши феодализмдин коопсуздугун, бу органда туруктуу орношуп алгандардын саясий феодализмин камсыз кылган мекемеге айланды. Муну алар такай бизге каршы пайдаланат. Бул орган коопсуздук кеңеши деп эмес, террор кеңеши деп аталышы керек".

Каддафи кийин анын сөзүн мамлекеттик ишмерлер укпай,уктап отурганына даттанды.

Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын сөзү да ушуга үндөш чыкты. Ал да дүйнөлүк бул уюмду "демократиялаштырууга" чакырды.

"Улуттар Уюмунун,Коопсуздук Кеңешинин бардык чечимдери дүйнөдөгү бүт өлкөлөр менен өкмөттөрдүн демократиялык ыкмада кабыл алынган пикирин туюнтушу керектигин" айтып, мунун ордуна "бир нече өкмөт үстөмдүк кылып алып, өз кызыкчылыктарын таңуулап жатышканын" Ахмединежад таптакыр кабыл алгыс жагдай деп атады. Вето салуу укугун алган өлкөлөрдү ал "агрессорго" салыштырды.

Мындан тышкары Ахмединежад экономикадагы либерализмдин ойрону чыкканын,жакынкы аралыкта капитализм өзү да жексен болоруна өз бөркүндөй ишендирди.

"Кудайдын амири менен марксизм жок болду. Баскынчыл капитализмди да сөзсүз ушундай ыкыбал күтүп турат",-деп айтты иран президенти.

XS
SM
MD
LG