Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

БУУнун жыйынында талкууланчу дүйнөлүк көйгөй арбын


Нью-Йоркто полициячы БУУнун имаратын курчаган тосмону түздөп жатат. 21-сентябрь, 2009-ж.
Нью-Йоркто полициячы БУУнун имаратын курчаган тосмону түздөп жатат. 21-сентябрь, 2009-ж.

Улуттар уюмунун 64-башкы ассамблеясы шаршембиде башталып, Ооганстан, Жакынкы Чыгыш, Тоолуу Карабак өңдүү талылуу эл аралык маселелерди талкуулоо жети күнгө созулат.

Улуттар уюмунун бу жолку башкы ассамблеясына АКШ президенти катары алгачкы ирет катыша турган Барак Обаманын шаршембидеги сөзү көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Вашингтондон алынган маалыматка караганда, Обама анда дүйнөдөгү далай көйгөйлүү маселелерди чечип, жалпы өнүгүүнү жолго коюш үчүн айрым өлкөлөр бир тараптуу аракеттенбей, бардык мамлекеттер ич ара кеңешип-талкуулап иш кылышы зарыл экенине басым жасамакчы.

Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы элчиси Сюзан Райс терроризм, геноцид, интернет-чабуулдар, Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программасы, эл аралык уюшкан кылмыштуулук ушу тапта көпчүлүк өлкөлөрдүн тынчын алган маселелер экенин белгилеп, мусулмандар дүйнөсүн үйрөнүп-түшүнүүгө аракет кылган Обаманын кайрылуусу дүйнөлүк жыйында жылуу кабыл алынаарына ишенип турганын кошумчалады.

Анын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон президент Обама Ооганстанга өзгөчө көңүл бурат деп билдирген:

“Биздин Ооганстандагы стратегиябыз иштей баштады деп айтсак болот. Президент Обама айткандай, бейпилдик миссиясына катышып жаткан башка өлкөлөр менен акылдашып, ресурстарды эсептөөдөн мурун стратегияны тактап жатабыз”.

Обамадан башка Жапониянын премьер-министри Юкио Хатояманын доклады кызыктуу болчудай, ал Азияда Евросоюздай Биримдик түзүп, орток акча киргизүүнү сунуш кылган. Жапонияны 50 жылдай башкарган либерал-демократтарды жеңип, жакында бийликке келген демократтар лидери Хатояма Нью-Йоркко эртерээк барып, Кытайдын президенти Ху Цзинтао менен жолугушту.

Кабарларга караганда, эки жетекчи анда эки элдин мамилесин жакшыртуу ниетин билдиришти. АКШ президенти Барак Обама да БУУнун жыйыны алкагында жаңы жапон премьери менен кездешип сүйлөшөт, андан сырткары ал Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен да жолугаары белгиленген.

Ливияны 40 жылдан бери башкарып келаткан Каддафи Улуттар уюмунун жыйынына алгачкы ирет катышууда. Обама андан башка орус президенти Дмитрий Медведев, Кытайдын лидери Ху Цзинтао менен да өзүнчө кездешет. АКШ президенти Нью-Йоркто Ирандын лидери Махмуд Ахмадинежад менен бирге Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун сый тамагына чакырылган, бирок экөө көзмө-көз жолугушуу өткөрбөйт.

Адам укуктарын коргоо уюмдары Улуттар уюмунун башкы ассамблеясын Иранда 12-июндагы президенттик шайлоонун тегерегинде болгон тирешүү, көчө кагылыштарын иликтей турган атайын тергөө тобун дайындоого үндөп жатышат. Жыйындагы эң башкы маселелердин бири – глобалдык климаттын өзгөрүүсү, аба ырайынын акырындап ысып баратышы болмокчу, андан сырткары алдыңкы 20 өлкөнүн лидерлери Американын Питсбург шаарында өзүнчө чогулуп, эл аралык экономикалык кырдаалды талкуулашат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG