Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук Кеңешин эки жаатка бөлдү


АКШнын элчиси Сюзан Райс Түштүк Кореянын ракета сыноосу боюнча Коопсуздук Кеңешиндеги кезексиз жыйын тушунда журналисттер үчүн билдирүү жасады, 5-апрель
АКШнын элчиси Сюзан Райс Түштүк Кореянын ракета сыноосу боюнча Коопсуздук Кеңешиндеги кезексиз жыйын тушунда журналисттер үчүн билдирүү жасады, 5-апрель

БУУнун Коопсуздук Кеңеши жекшемби күнкү кезексиз сессиясында Түндүк Кореянын баллистикалык ракетаны учуруусуна байланыштуу бир бүтүмгө келе албады. Ракета учурууну Япония, АКШ жана Евробиримдик “көкүтүүчүлүк” деп атады. Кытай менен Россия башка пикирде.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин эки жаатка бөлүнүүсүнө “Түндүк Корея баллистикалык ракета технологиясын колдонуп, Коопсуздук Кеңеши 2006-жылы октябрда кабыл алган 1718- резолюцияны буздубу?” деген суроо себеп болду.

Кеңештин вето укугуна ээ мүчөлөрү АКШ, Британия, Франция, ошондой эле Япония, Евробиримдик ракета учурууну береги резолюцияны түздөн түз бузуу деп баалашты.

Түндүк Корея 2006-жылы 9-октябрда ядролук курал сынагандан кийин кабыл алынган 1718-резолюция Пхеньянга баллистикалык ракета сыноого тыйуу салат.

Япония Түндүк Кореянын ракетасы Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөргө коркунуч туудурат деп кооптонот. Бул жөнүндө Япониянын БУУдагы элчиси Юкио Такасу билдирди:

-Бул окуяга байланыштуу Коопсуздук Кеңеши (Түндүк Кореяга) ачык, күчтүү жана бекем ишаара жасоосу керек. Коопсуздук Кеңеши олуттуу жана бирдиктүү позициясын билдирген резолюция кабыл алса абдан туура болот.

Ырасмий Пхеньян жекшемби күнү орбитага байланыш жандоочусун ийгиликтүү учурганын билдирген. Бирок, АКШ жана Түштүк Кореянын ырасташынча, Түндүк кореялык ракета Япониянын үстүнөн учуп өтүп, Тынч океанга кулап түшкөн.

АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райс Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйыны алдында жасаган билдирүүсүндө, Пхеньяндын ракета технологиясын сыноосу 1718-резолюцияны одоно бузуу деп, Кеңештин мүчөлөрүн “катаал чара көрүүгө чакырган эле:

-Эмне учурулганы маанилүү эмес. Баллистикалык ракета технологиясы колдонулганынын өзү Түндүк Кореяга ракетага байланыштуу иштерди токтотууга тыйуу салган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1718-резолюциясын ачык бузуу.

Коопсуздук Кеңешинин жыйында анын туруктуу мүчөлөрү Россия менен Кытай Пхеньян баллистикалык ракета сынадыбы же байланыш жандоочуну учурдубу, аны иликтөө зарыл, ошондон кийин гана Кеңештин резолюциясы бузулду же жок деп айтуу керек деп чыгышты.

Кытайдын Улуттар Уюмундагы өкүлү Чжан Есуйдун сөзүнчө, ырасмий Бээжин ракета сыноого байланыштуу тынчсызданууну тең бөлүшүү менен, бирок анын коркунучун аша баалаабоого чакырат:

-Бул окуяга кылдат жана өзүнө жараша мамиле жасалыш керек деп эсептейбиз. Кеңеш конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуусу үчүн биздин делегация башка коллегаларыбызга кошулуп, маселени талкуулаганга даяр.

Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү арасындагы ажырымга караганда, Кеңеш- АКШ башындагы өлкөлөр каалагандай- Түндүк Корея боюнча катаал чечим кабыл албай, жөн гана билдирүү менен чектелет сыяктуу.

XS
SM
MD
LG