Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Баш катчы Кыргызстандан кабатыр


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, байкоо салып жатканын билдирди.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, байкоо салып жатканын билдирди.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун кечээ Кыргызстандагы кырдаалга "абдан кунтун төшөп" көз салып турганын билдирди. Бул учурда Вашингтон Бишкекке жогорку даражалуу дипломатын жөнөттү.

Борбор Азиядагы сапарынын жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстандагы кырдаалга да кайрылды. Ушу тушта Бишкекте атайын өкүлү жүргөнүн айтып, баш катчы бул өлкөдөгү жагдайды өзгөчө кунтун салып байкап-багып турганын белгиледи.

Баш катчы ырастагандай, анын өкүлү – Ян Кубиш бардык тараптардын өкүлдөрү менен жолукту, конституциялык тартипти сактоо, аны калыбына келтирүү үчүн Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштеп жатат.

Бул учурда Вашингтон өкмөтү мамлекеттик катчынын Түштүк жана Чыгыш Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейкти атайын Бишкекке аттандырды. Эртең жана бүрсүгүнү ал Бишкекте убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушат. Блейк Бишкектеги жаңы бийликке гуманитардык жана башка жардамдарды сунуш кылат, мындан тышкары алдыда боло турган шайлоо процесстерине, демократиялык кайра курууларга байланыштуу иштерден кең-кесири маалымат алгысы келет. Буга кошумча "Манастагы" өткөөл базанын маселесин талкуулайт.

Блейк бийликтен кулатылган президент Бакиев жана анын тарапкерлери менен жолукпай турганын ырастады.

Ошол эле күнү мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Кроули Кыргызстанда бийлик убактылуу өкмөттүн колуна өткөнүн АКШ мамлекеттик төңкөрүш деп эсептебей турганын ырастады.

"Өлкөнүн убактылуу өкмөтү мамлекеттик министрликтерди башкарууну өзүнө алды. Бул реалдуу факт, биз муну моюнга алабыз", - деп айтты ал. Ошону менен бирге бирге Кроули АКШ "Кыргызстандын бүгүнкү лидери Бакиев эмес, Отунбаева деп айта албай турганын" да ырастады. "Биз билебиз, өлкөдө азыр процесс башталды, анын натыйжасында алты айдын ичинде жаңы өкмөт түзүлөт, биз анын кыйла демократиялуу болоруна үмүттөнөбүз",-деп кошумчалады Кроули.

Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалды чет элдик эксперттер менен байкоочулар да кеңири комментариялап жатышат. Эл аралык кризис тобунун регионалдык кеңсесинин директору Пол Куинн-Жаж өлкөдө жарандык согуш тутанып кетери өтө эле арсар деп эсептейт. Эксперттин айтымында, " Эгер Бакиев проблема түзгүсү келсе, анда элдин колдоосу эмес (бу жагынан анын ресурсу өтө чектелүү), кайдадыр бир жактарга катып койгон ири суммадагы акчасы гана ага башкы курал болуп бериши мүмкүн".

Пол Куинн-Жаж азыркы тушта убактылуу өкмөттүн өзүндөгү жиктелүү Кыргызстандын коопсуздугуна олуттуу коркунуч түзүшү мүмкүн деп эскертет. Алардын арасында харизматикалык лидер жок, ошол эле учурда "кыргыйлар" да бар.

Башка бир баяндамачылар кыргыз саясатчылары басса-турса эл деп эбедейи эзилип турарын, бирок нааразы болгон эл алдына чыкканга эч кимдин батымы жетпей турганын да баамдашкан. Кокус Бакиев аламан топко милицияны айдактабай, анын алдын өзү тосуп чыкканда эмне болмок?

Балким, аны чын эле, өзү айткандай, эл "тытып кетмек". Бирок мынчалык адамдын каны төгүлмөк эмес, Бакиевге эстелик тургузулмак. Эл бийликти анын баласына, инилерине алып бермек. Бирок Бакиев башка жолду тандап алды. Эми ага калган өмүрүн сүргүндө же түрмөдө өткөргөнгө туура келет, тарыхта да жаман ат менен калат дешет.

XS
SM
MD
LG