Элчи Карл Айкенбери жаңы стратегияны "прагматикалык документ" деп атады. "Президент аныктаган жаңы багытта Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуунун мыкты жолдору сунуш кылынды жана "Ал-Каиданы" жаңы операцияларды пландоо үчүн колдоо- таянычтардан ажыратууну камсыз кыла алат",- деп айтты элчи.
Сенатор Жо Либерман элчиден президентке жазган каттарында Ооганстанга кошумча күчтөрдү жөнөткөнгө эмне үчүн каршы болгонун сурады эле, Айкенбери андай деп эч качан айткан эмесмин деп ырастады. "Бу жагынан генерал Маккристал менен кеңешкем, мен анын пикирлерине кошулам, анын коопсуздук анализи кырдаалды түгөл камтыган жана туура көз караш", -деп кошумчалады элчи.
Элчи алдыдагы он сегиз ай ичинде ооган экономикасын өнүктүрүү үчүн олуттуу чараларды көрүү керектигин бөлүп көрсөтүп, ушунун аркасында гана бул өлкөдө өз армиясын, коопсуздук күчтөрүн чыңдаганга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.
АКШнын жана НАТОнун ооган жериндеги аскер күчтөрүнүн командачысы генерал Стэнли Маккристал да президент Обаманын стратегиясын жогору баалады. Баарыдан мурда бул багыт коалициялык континтгенттин алдында турган милдеттерди тактаганга өбөлгө түздү. Алдыдагы күндөрдө жаңы контингент киргизүү иши башталат. Генерал ишендиргендей, анын жардамы менен бир жарым жыл ичинде козголоңчулардын негизги очоктору жок кылынат.
Ошол эле учурда генерал жагдайды жымсалдап көрсөткөн да жок. Ооганстандагы озуйпа оор милдет экенин эске салып, анын өтөлүнө чыгуу үчүн көп каражат, күч-аракет керектигин эскертти. "Эң башкысы 2011-жылдын жайына чейин оогандардын көпчүлүгүн жеңишке жетерибизге ынанта алышыбыз керек. Ушунун өзү келечек үчүн багыт болот",-деп көрсөттү генерал.
Маккристалдын айтымында, ооган калкынын ишенимине кирүү алда канча узак мезгилди талап кылат. Азырынча оогандар чет элдик аскерлерге ичи чыкпай турат. Буга кошумча болуп, генерал ырастагандай, калктын көбү азыркы өкмөттү жөндөмсүз, коррупциядан башка колунан эчтеме келбейт деп эсептейт.
"Талибандын" дараметине токтолуп, Маккристал талиптердин кеңири таянычы калбаганын, алар калкка эчтеме сунуш кыла албай турганын ырастады.
Ал эми "Ал-Каиданы" генерал кошумча контингенттин жардамы менен алсыратса, белин сындырса болот деп эсептейт, бирок Усама бин Ладенди колго түшүрмөйүнчө анын тамырын биротоло соолутуш кыйын болуу керек. Генералдын айтымында, экстремисттер бин Ладенди таат кылып, табына турган "өзүнчө эле буркан" кылып алышты.
Генерал да, элчи да Ооганстандан аскер контингенти чыгарылгандан кийин деле Кошмо Штаттары бул өлкө менен узак мөөнөткө кызматташышы керектигин кайталап белгилешти.