Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Маккейн: Кандагардагы кармаш – чечүүчү кармаш


Сенатор Жон Маккейн эмдиги жылдын августунан тартып Ооганстандан америкалык аскерлерди акырындап чыгаруу планын сынга алды.
Сенатор Жон Маккейн эмдиги жылдын августунан тартып Ооганстандан америкалык аскерлерди акырындап чыгаруу планын сынга алды.

Америкалык сенатор Жон Маккейн Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн Кандагарды талиптерден тазалоо боюнча белгиленип жаткан операциялары чечүүчү мааниге ээ болот деп эсептейт. Көз карандысыз сенатор Жозеф Либерман жана республикачыл-сенатор Линдси Грэм менен бирге Кабулда болуп, Маккейн эмдиги жылы августтан тартып америкалык контингентти ооган жеринен чыгаруу ишин баштаганы жаткан азыркы администрациянын планын сынга алды.

Коалициялык күчтөр Кандагарды талиптерден тазалоого жаздан бери камынып жатышкан. Анын арасында контингенттин колбашчысы алмашып, Ооганстанга өткөн айдын акырында АКШнын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылар комитетинин төрагасы адмирал Майк Маллен атайын инспекциялык сапар менен келип кетти. Адмирал ырастагандай, согуштун стратегиясы өзгөрбөйт, коалициялык контингент талиптердин башкы чебине айланган Кандагардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча операцияларды быйыл жыл этегине чейин ийгиликтүү аяктайт.

Эки күндүк сапар менен Кабулга келген америкалык үч сенатор да Кандагардагы кармаштардын чечүүчү маанисин айтышты.

"Талиптер билет: Кандагар - ийгиликтин же утулуунун ачкычы, бул операция кандай бүтөт, ал жалпы жаңжалдын аякташына чоң таасирин тийгизет",-деп айтты сенатор Жон Маккейн.

Президент Барак Обама бекиткен планга ылайык эмдиги жылдын августунан тартып Ооганстандан америкалык аскерлерди акырындап чыгаруу иши башталышы керек. Маккейн буга макул эместигин билдирди. АКШнын "достору менен душмандары, ошондой эле ооган эли америкалыктар өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарганга канчалык бекем экенин кандай кабыл алат", сенаторду "баарыдан мурда ушул катуу камтама кылат". Ошондуктан Маккейн Ооганстанда жеңиш толук камсыз кылынып, стабилдүүлүк түзүлүп, күчтүү бийлик органдары тикеленгенге чейин аскерлер бул өлкөдө турушу керек деп эсептейт.

Уруш жүргүзүүнүн усулун жакшы билерин айтып, Маккейн "душманга белгилүү бир мөөнөттө кетериңди айтсаң, бул аны шыктандыра турганын, ошол мөлчөрдү күтөрүн" эскертти. "Мен бекем ишенем,- деп айтты сенатор ,- Кандагарда ийгилик биз тарапта болот, эгер негизги ушул аймакта жеңишке жетишсек, бул күрөштүн башка чөйрөлөрүндө да ийгиликке жетебиз".

Маккейнге аны менен бирге Ооганстанга келген көз карандысыз сенатор Жозеф Либерман кошулду. Либермандын айтымында, "улуттук коопсуздукка байланыштуу АКШнын Ооганстанда олуттуу кызыкчылыктары бар, мындай иштер болсо график боюнча жасалбайт".

Республикачыл-сенатор Линдси Грэм да бул пикирди колдоп, "АКШнын коопсуздугу камсыз кылынганда гана аскерлер Ооганстандан чыгарылышы" керектигин баса көрсөтүп белгиледи.

Обаманын планын колдогондордун да өз жүйөөлөрү бар. Эгер контингент качан чыгарылары так айтылбаса, ооган өкмөтү өз өлкөсүндөгү коопсуздукту өзү көзөмөлдөп, анын жоопкерчилигин алганга дегеле даяр болбойт. Андан калса ооган бийликтериндеги коррупция жана өлкөдөгү маңсоодасы күч ала берет.

Коррупция маселесин Маккейн да өзгөчө белгиледи. "Бул жерде дале болсо коррупцияга байланыштуу олуттуу проблемалар бар, муну биз өкмөттүн мүчөлөрү менен талкууладык", - деп айтты Маккейн. Анын эсебинде коопсуздук проблемасынын 70 проценти ушул маселеге багыныңкы.

НАТОнун Ооганстандагы 140 миңдүү контингентине командалык кылуу милдетин өткөн жекшембиде өзүнө өткөрүп алган генерал Дэвид Петреус президент Обаманын планы толук реалдуу иш экенин бышыктады. Эмдиги жылдын августу так аныкталган мөөнөт эмес, болгону бул чечүүчү процесс баштала турган гана мөлчөр. Генерал америкалык күчтөрдү толук чыгаруу маселеси түбү барып кырдаалга жараша чечилерин ырастады.

XS
SM
MD
LG