Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Карзай Ак үйдөн кайра ишеним алгысы келет


АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ ооган президенти Хамид Карзайды кечки сый тамакта кабыл алды.
АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ ооган президенти Хамид Карзайды кечки сый тамакта кабыл алды.

Кечээ Вашингтондо кечки сый тамак үстүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ооган президенти Хамид Карзайды кабыл алды. Сүйлөшүүлөр бүгүн мамлекеттик департаментте уланат. Карзайды эртең Ак үйдө президент Барак Обама кабыл алат.

Вашингтонго Карзай төрт күндүк сапар менен келди. Анын жүрүшүндө ооган президенти эки тараптын, биринчи кезекте жеке өзүнүн америкалык администрация менен кыйчалыштап кеткен мамилесин жөндөгөнгө аракеттенет.

Былтыркы шайлоону будамайлап-бурмалап жатып экинчи ирет бийликте калганга жетишкен соң Карзай быйыл мартта Батыштын атына бир катар өгөй-татай сөздөрдү айтып, көптөрдүн кычыгына тийип алган эле. Вашингтон аз жерден анын майга пландалган ушул визитин айным кыла жаздап барып токтогон.

АКШнын Кабулдагы элчиси Карл Айкенбери Вашингтондо "алдыдагы бир нече күндүн ичинде ар түрдүү маселелер боюнча олуттуу сөздөр болорун" ырастады. Талкуулана турган темалардын арасынан өзгөчө ооган коопсуздук институттарын жана укук тартибин бекемдөө, талиптер менен элдешүү, аларды коомго кайра кошуу өңдүү маселелерди бөлүп көрсөттү.

Президент Обаманын планы боюнча эмдиги жылы жайда ооган жеринен америкалык контингентти чыгаруу иши башталышы керек. Бирок бул үчүн Карзайдын өкмөтү өлкөдөгү кырдаалды толук өз контролдугуна алууга тийиш. Жакынкы аралыкта буга Кабулдагы режимдин кудурети жетери күмөн.

Элчи Айкенбери да президент Карзай жасап же убада кылып жаткан аракеттердин негизинде өлкөдөгү кырдаалдын оң жагына өзгөрөрүнө абайлап ишеним билдирди.

"Ооганстандын элдешүү жолундагы аракеттерине байланыштуу эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда айкын жалпы принцип болууга тийиш, ал принциптер жакшы белгилүү", - деп айтты элчи. Ошол эле учурда ал Карзайдын сапары эки өлкөнүн жакындашына өбөлгө болорун бышыктады. Коалициялык күчтөрдүн башкы колбашчысы Стэнли Маккристал да Карзай менен мамилеси жакшы экенин, азыркы алака аны алымсындыра турганын ырастады.

Ооган парламентинин депутаты Кабир Ранжбар жергиликтүү эл жана дүйнөлүк коомчулук азыркы шартта Карзайдын колу-буту тушалуу экенин жакшы түшүнөт деп эсептейт, бирок Кабул өкмөтү ооган жеринде укук тартибин камсыз кыла аларына ишенбейт.

Карзайды эртең Ак үйдө президент Барак Обама кабыл алат. Сүйлөшүүлөр маалында Карзай башка маселелер менен бирге америкалык аскерлердин операциялары маалында жайкын калк арасынан көп чыгымдар болуп жатканына басым жасашы ыктымал. Өз кезегинде Вашингтон администрациясы ооган өкмөтүндөгү коррупция маселесин козгоп, бул илдеттен арылмайынча бийлик эчтемеге жарабай турганын Карзайга кайрадан эскерткени жатат.

Апрелдин этегинде Пентагон жарыялаган отчетто ооган калкынын басымдуу көпчүлүгү борбордук өкмөткө дегеле кайдыгер экени, ага караганда козголоңчул-талиптерге көбүрөөк жан тартары айтылган эле. Элдин бийликтерге ишеними жоктугун докладдын авторлору чиновниктер арасында коррупциянын өзгөчө коолап-чайлап алганы менен түшүндүрүшкөн. "Аскери жактан түйүндүү мааниси бар 121 райондун 29унда гана калк Карзайды колдойт",- деп көрсөтүлгөн Пентагондун докладында.

XS
SM
MD
LG