Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Ооганстан-Пакистан: Обаманын стратегиясы оңунан чыкпайбы?


Пакистан -- Бунерде талиптер полициянын кеңсесин талкалап салышты.
Пакистан -- Бунерде талиптер полициянын кеңсесин талкалап салышты.

Вашингтондо шаршемби күнү президент Барак Обама Ооганстандын жана Пакистандын мамлекет башчылары менен жолугуп, аймактагы жагдайды талкуулайт. Ак үйдүн "Af-Pak" стратегиясын байкоочулар башталбай жатып эле олуттуу кыйынчылыктарга учурады деп эсептешет.

Ири өлчөмдөгү финансылык жардамдарды,социалдык өнүгүүнү, аймактагы кызматташтыкты арттырууну жана башка пландарды караган "Af-Pak" стратегиясын Обама 27-мартта жарыялаган. Анда Ооганстанга өзгөчө басым жасалып, бул өлкөгө кошумча аскер күчтөрүн киргизүү, башкаруу иштерин жакшыртуу жана быйыл августта боло турган шайлоо маалында коопсуздукту камсыз кылуу милдети белгиленген.

Бул учурда "Талибан" кыймылы да өзүнүн контрстратегиясына камданууда. 29-апрелде талиптердин жогорку жетекчилеринин бири молдо Бирадар Ахунда быйыл жайда Батыш коалициясынын күчтөрүн чыңдоо пландарына каршы ири кампаниялар өткөрүлө турганын эскертти.

Нидерландиядагы жарандык-аскери кызматташтык борборунун адиси Стивен Хенторн ооган жерине АКШ кошумча аскер бөлүктөрүнөн тышкары жүздөгөн жарандык эксперттер контингентин жөнөткөнү жатканын мурдагы каталыктарды кайталаган кадам катары карайт.

Хенторн мунун баары акыркы эсепте ийгилик менен бүтөрүнө ишенбейт. Эксперттерди тоолуу аймактарга жиберерден мурда ал жерлерге аскер бөлүктөрүн жайгаштыруу туура болмок.

АКШдагы тынчтык институтунун эксперти Бет Коул жарандык адистерди топтоп, окутуп-үйрөтүп,аймактарга жайгаштыруунун өзү чоң түйшүк болорун белгиледи. Ким гана болбосун, жарандык адистер кооп-коогалуу аймактарда же курал алып жүрүшү керек, болбосо аскерлердин коргоосунда болууга тийиш. Ушунун өзү эле аларды гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүнөн дароо айрымалап, козголоңчулардын бутасына айлантат.

"Мындай ишти кантип жүзөгө ашырса болорун мен билбейм, бу - чоң проблема",-дейт Коул.

Байкоочулар Обаманын стратегиясы үчүн Ооганстанга караганда Пакистанда олуттуу кыйынчылыктар чыгышы мүмкүн дешет. Исламабад бийликтери стратегияны колдогону менен Вашингтон адегенде Пакистандагы проблемалардын реалдуу масштабын аныктап алышы керек деп эсептейт.

Исламабадда өткөн аптанын этегинде тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши президент Асиф Али Зардари Вашингтондогу жолугушуу учурунда "Обаманын жаңы стратегиясын жүзөгө ашыруунун практикалык жолдорун сөз кылганы жатканын" ырастады.

Зардари баарыдан мурда АКШдан аскери техника, жарандык көмөк жагынан жардам талап кылышы ыктымал. Бирок Пакистандагы окуялар Зардаринин позициясы бошоң экенин көрсөтүп, ушундан улам өлкөнүн атомдук арсеналы талиптердин колуна өтүп кетиши ыктымал деген кооптонууларды жаратты.

Обама өзү да өткөн айдын этегинде Пакистандагы кырдаалга өтө тынчсызданып жатканын айтып, муну "Талибан" баарын дароо колго алып коет дегенден эмес, баарыдан мурда өкмөттүн алсыздыгы менен байланыштырды.

Ушул жана башка жагдайларга карап, эксперттер Обаманын стратегиясы толук өлчөмдө жүзөгө ашканча олуттуу тоскоолдуктарга учурайт деп эсептешет.

Акыркы кабарларда Пакистандын Сват өрөөнүндөгү кырдаал кескин начарлап, "Талибан" сүйлөшүү процессинен чыкканы жана аскерий жайларга, өкмөт өкүлдөрүнө өлкөнүн бардык аймактарында кол салуу тактикасына өткөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG