Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Ооганстандагы иштер жаңы ыкмада бааланат


Барак Обама коррупцияны Ооганстан менен Пакистанда элдин бийликтерге ишенимин кетирип жаткан негизги фактор деп атады.
Барак Обама коррупцияны Ооганстан менен Пакистанда элдин бийликтерге ишенимин кетирип жаткан негизги фактор деп атады.

Ооганстандагы жалпы иштерди Вашингтон жаңы ыкмада бааламай болду. Буга байланыштуу Ак үй жарыялаган чен-өлчөмдөр тизмесинде Пакистанга да басым жасалат.

Ооганстандагы иштердин натыйжаларын жаңыча өңүттөн карап, ошого жараша жергиликтүү өкмөт менен мамиле түзүп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо зарылдыгын президент Барак Обама быйыл мартта айткан. Бу жагынан ал коррупция проблемасын бөлүп көрсөтүп, буга АКШ көз жумуп койо албастыгын эскерткен жана аны ооган бийликтерине, жетекчилерге элдин ишенимин кетирип жаткан фактор деп атаган. Мындан тышкары ооган жериндеги окуяларды Пакистандагы жагдайдан бөлүп караганга болбой турганын белгилеген.

Генерал Стэнли Маккристал аскерий стратегияга өзүнүн жалпы баасын бергенин айтып, Обама шаршемби күнкү сөзүндө эми иштин жарандык, дипломатиялык, жалпы өнүгүү өңүттөрүнө көңүл буруу, шайлоонун жыйынтыктарын талдап, андан кийинки кадамдарды аныктоо керектигин көрсөттү.

Буга байланыштуу Ак үй жарыялаган документте ооган жериндеги иштердин ийгилигин аныктоодо алардын "саны жана сапаты" бирдей эске алына турганы айтылат. Башкача айтканда, статистикалык көрсөтүчтөргө катарлаш кандай тенденциялар кеңири жайылып баратканына, карапайым адамдардын абалына,калктын жалпы маанайына назар бурулат. Иликтөөлөрдүн натыйжаларына ылайык учурдагы, күнүмдүк саясатка тийиштүү түзөтүүлөр киргизилет. Жалпы кырдаал, анын алга же артка кеткени "Талибан" режиминин тушундагы абалга эмес, быйылкы жылдын жайындагы президенттик шайлоо алдындагы жагдайга салыштырылып бааланат.

Документте аныкталган жаңы ыкмалар көп жагынан Пакистанга багышталган.АКШнын бул өлкөгө көрсөтүп жаткан саясий, экономикалык жана аскерий жардамдарынын өтөлгөсү Исламабад өкмөтү кырдаалды канчалык өлчөмдө көзөмөлдөй аларына жараша бааланат. Мындан тышкары сот системасынын көз карандысыздыгы,аларга аскери бийликтердин көрсөткөн кысымы же таасири, адам укуктарынын абалы, жумушчу орундардын түзүлүшү өңдүү көрсөткүчтөр эске алынат.

Исламабадга өкмөттүн ишине,айрыкча коррупцияга каршы күрөштөгү кадамдарына калктын мамилесин билип туруу үчүн коомдук пикирде иликтөөлөр өткөрүү сунуш кылынат. Коомдук, жарандык уюмдарга эркин иштөөгө канчалык мүмкүнчүлүктөр берилгени башкы чен-өлчөмдөрдүн бири болот. Кабул өкмөтүнүн иши да ушул ыкманын өңүтүнөн бааланат.

XS
SM
MD
LG