Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

АКШ Европаны Гуантанамодо камактагыларды кабыл алууга үндөөдө


АКШнын баш прокурору Гуантанамо түйүнүн европалыктар кошо чечишет деп үмүттөнөт
АКШнын баш прокурору Гуантанамо түйүнүн европалыктар кошо чечишет деп үмүттөнөт

АКШнын баш прокурору Эрик Холдер Берлинде болгондо АКШнын Европадагы союздаштарына кайрылып, Гуантанамо камак борборунан бошотула турган кишилерди өз аймагында отурукташтырууну суранды. Холдер Вашингтон расмий өтүнүчүн айрым өкмөттөргө бир нече аптанын ичинде жиберээрин билдирди.

Прокурор Холдер Гуантанамодо камактагылардын маселесин чечүү үчүн АКШ Европанын колдоосуна муктаж экендигин жашырган жок. Ал бул көйгөй үчүн жоопкерчилик бир гана АКШнын мойнунда экендигин белгилеп, бирок аны чечүү үчүн биргелешкен аракет зарыл деди.

Ал АКШнын мурдагы администрациясынын террорчулар деп шектелген жүздөгөн кишини Гуантанамого көп жылдар бою камап койгон саясаты Американын кылымдардан берки «мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлоо» асыл-наркын көзгө илбегендик болгондугун моюнга алды. «Мындай чекилик АКШны шериктеринен обочолонтту, душмандарынын жек көрүүчүлүгүн күчөттү, аягында келип, террорго каршы күрөштү солгундантты» деп агынан жарылды АКШнын баш прокурору.

Холдер аталган камак жайын жабууда европалыктар кызматташтыктын артыкчылыгын таанышат деген үмүтүн билдирди. Анын айтымында, учурдагы Европадагы саякатында ал жергиликтүү расмий өкүлдөргө Гуантанамодон айрым адамдарды кабыл алуу маселесин козгоду жана алардан бир нече айда эмес, бир нече жуманын аралыгында жооп алууга үмүттөнөт.

Президенттикке келгенине 100 күн толуп жаткан Обама бул мааракеге байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө Гуантанамо маселесине да кайрылды.

Обама АКШнын тышкы саясатынын багытын өзгөртүүгө, анын ичинде Гуантанамодогу камак жайын жаап, кыйноого тыюу салууга убада кылганын, бул убадаларды бир четинен ишке ашырып жаткандыгын белгиледи.

Барак Обаманын администрациясы 30 кишини Европага жиберүүгө боло тургандыгын айтууда. Алардын бири да коркунучтуу адамдар деп шектелбейт, кабыл алуучу өлкөгө ар бири тууралуу колдо болгон бардык маалыматтар берилмекчи.

Учурда Европа биримдигинин президенти болгон Чех жумуриятында ички иштер министри Иван Лангер ушул шейшембиде АКШнын баш прокурору менен жолукан. Ошондо министр биримдиктин айрым өлкөлөрү Гуантанамонун айрым тургундарын кабыл алышы мүмкүн экендигин айткан, бирок Чех жумурияты бул кадамга барбай тургандыгын баса белгилеген.

Азырынча, европалыктар маселеге этиеттик менен мамиле кылышууда. Алар кандайдыр бир террористтик көздөгөн максаттары барларды, же көп жылдардан бери сотсуз камалып жаткандыгы үчүн өчөгүшкөндөрдү өз өлкөсүнө импорттоодон тайсалдашууда.

Франция болгону бир кишини кабыл алаарын каңкуулаган. АКШга айрыкча санаалаш Британия бир нече кишини алышы мүмкүн экендигин айтууда. Португалия менен Литва бул планга кызыгуу билдирген.

Эгер сөз болуп жаткан бардык 30 киши Европага жиберилген күндө да, Гуантанамодо кала турган калган 210 кишинин тагдыры кандай болот, азырынча белгисиз. Кошмо Штаттары алар канчалык оор шектенүү менен кармалгандыгын, же учурда алардын психологиялык абалы кандай экендиги тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Президент Обама Гуантанамо камак борборун алдыдагы тогуз айда биротоло жабууга буйрук берген.

XS
SM
MD
LG