Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

АКШ: Көрүнбөс "армия"


Багдад -- АКШ сенаторлору 5-январда Ирактын борборунда маалымат жыйынын өткөрүшүп, Вашингтондо сот Blackwater күзөт компаниясынын беш кызматкерин актаганы үчүн "терең өкүнүч" билдиришти.
Багдад -- АКШ сенаторлору 5-январда Ирактын борборунда маалымат жыйынын өткөрүшүп, Вашингтондо сот Blackwater күзөт компаниясынын беш кызматкерин актаганы үчүн "терең өкүнүч" билдиришти.

АКШда өткөн аптада Blackwater же Хе деп аталган жеке менчик күзөт фирмасынын эки кызматкери камакка алынды. Аларга Кабулда эки кишинин өлүмүнө себепкер болгону үчүн айып коюлду. Былтыр ушул эле компаниянын беш кызматкерине Багдадда бейжазык адамдарды атып өлтүргөнү үчүн кылмыш иши козголгон эле. Бирок 1-январда Вашингтондо сот аларды актаган чечим чыгарды.

Жеке менчик Blackwater күзөт компаниясы 1996-жылы Түндүк Каролина штатында негизделип, өзүнчө эле "чакан армияга" айланган. АКШ өкмөтү Ирактагы операциялар башталганда жарандык администрациянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ушул фирманы жалдап алган эле. Өткөн жылы компаниянын башкы директору алмашылып, фирма өз атын Хе деп өзгөрткөн.

2007-жылы сентябрда компаниянын беш кызматкери Багдадда себеп-жөнсүз эле жергиликтүү он жети кишини атып салышкан. Аларга иш козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бейжазык жайран болгон адамдардын саны он төрткө түшүрүлгөн.

Акыры иш быйыл 1-январда Вашингтондо федералдык сотто каралып, фирманын кызматкерлери күнөөсүз деп табылып, акталып чыкты. Ирак өкмөтү чечимге каршы болуп, кайра сотко берди.

Фирманын ишин териштирүүнү АКШнын юстиция министрлиги, андан соң Мамлекеттик департамент колдоду.

Арадан бир жума өтпөй Хе фирмасынын дагы эки кызматкери камакка алынды. Аларга былтыр майда Кабулда эки адамдын өлүмүнө себепкер болгону үчүн айып тагылды.

Буга чейин эле бир катар маалымат каражаттары, алардын ичинде The New York Times Иракта террорчулар менен байланышы бар адамдарды уурдап кеткен операцияларга ушул Blackwater компаниясынын тикелей тиешеси бар экенин жазып чыгышкан.

Атүгүл айрым бир кабарларда компанияда атайын даярдалган "киши өлтүргүчтөр командасы" бар, аларга "Ал-Каиданын" лидерлерин издеп табуу жана жок кылуу милдети табышталганы айтылган.

ЦРУнун директору Леон Панетта өткөн аптада Хе компаниясы менен түзүлгөн контракт бузулганын, анын кызматкерлери менен кызматташуу иши токтотулганын маалымдады.

Бул иштерге байланыштуу атайын талкууда жакында эле Ооганстанда болуп келген сенатор Клэр Маккаскилл бул өлкөдө ушу тушта жүз миңден ашуун контрактчылар иштеп жатканын, алардын кызмат акысы да өлчөөсүз кымбаттап жатканын билдирди.

2008-жылы АКШдагы коомдук уюмдардын бири Иракта 200 миңдей жалданма контрактчылар иштерин, алар жалпы коалициялык контингенттен да көптүк кыларын эсептеп чыккан эле.

Көп жылдар бою Ооганстанда иштеген европалык экс-дипломат Мартина ван Вайлет контрактчылар көп учурда жашыруун-жабык мүнөздө иштеше турганын, алардын жоопкерчилиги так аныкталбагандыгын бышыктады.

"Контракт боюнча жалданып алынган подрядчыла өз иштери үчүн эч кандай жаза тартпайт. Проблеманын бири ушунда. Жергиликтүү тургундарды атып салган учурда да алардын ишин сотко жеткирүү өтө кыйын", - дейт экс-дипломат.

Ал эми ал контрактчыларга сарпталган акчанын эч качан эсеби алынбай турганын ал экинчи чоң проблема деп атады.

XS
SM
MD
LG