Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

АКШда мусулман соопкери 65 жылга кесилди


АКШ -- "Ыйык жер" соопкерчилик уюмунун мурдагы баш кеңсеси(Техас,Ричардсон шаары).
АКШ -- "Ыйык жер" соопкерчилик уюмунун мурдагы баш кеңсеси(Техас,Ричардсон шаары).

АКШда мусулман соопкерчилик уюмунун мурдагы эки жетекчиси 65 жылдан түрмөгө кесилди. Сот аларды жана фонддун үч мүчөсүн "Хамас" тобуна ири суммада акча которогону үчүн күнөөлүү деп тапты.

"Ыйык жер" (Holy Land Foundation) соопкерчилик уюмун 80-жылдардын этегинде Шукри Абу Бакер менен Гассан Элаши уюштуруп, америкалык мусулмандардан адие жыйнап, палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп турган.

2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан көп өтпөй фонд жабылган,анын банк эсептерине камал салынган.

Былтыр фонддун беш мүчөсүнө Палестинада "Хамас" тобунун контролдугунда турган социалдык программаларга 12 миллион доллар акчалай жардам көрсөткөнү, салык төлөөдөн качканы үчүн күнөө тагылган.

Сот ошол айыптарды анык деп тапты жана террордук уюмду финансылаганы үчүн фонддун негиздөөчүлөрүн ар бирин 65 жылдан абакка кести. Калган үчөө он беш жылдан чейрек кылым мөөнөткө чейин түрмөдө отурмакчы.

АКШда он төрт жыл мурда "Хамас" террордук уюм деп табылган. Мыйзамга ылайык мындай күчтөргө финансылык көмөк көрсөткөндөр алардын тарапкерлери жана колдоочулары катары кылмыш жазасына тартылат.

Айыпкерлер менен алардын адвокаттары соопкерчилик уюмдун акчасы террорчуларга эмес, калктын кыйналып,кынжылган бөлүгүнө гуманитардык жардам иретинде берилгенин айтышты.

Бирок тергөөчүлөр "Ыйык жер" кору жөнөткөн акча өз адресине жетпей, хамасчылардын колуна тийген, алар болсо каражаттын баарын террорчуларды финансылоого жумшаган деп ырасташты.

"Ыйык жер" корунун колдоочулары фонддун жабылышын жана жетекчилердин соттолушун исламга итатайы тутулган маанайдын натыйжасы катары баалашты.

Адвокаттар болсо негизги жүйөөнү "Ыйык жерди" жетектеген адамдардын туугандык байланыштарынан көрүштү. Атап айтканда, Шукри Абу Бакер – "Хамастын" Йемендеги бөлүмүнүн жетекчиси Жамал Иссанын жакын абагайы дешет. Соттолгондордун бири Муфид Абдулкадер "Хамастын" саясий лидери Хадел Машалдын аталаш агасынын баласы, ал эми фонддун дагы бир жетекчиси Мохамед ал-Мезаин болсо Машалдын орунбасары Муса Абу-Марзуктун жээни болот.

XS
SM
MD
LG