Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

АКШ менен Кытай бардык деңгээлде кызматташтыгын арттырат


Лондондо "жыйырманын" жыйыны маалында сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, АКШ президенти Барак Обама менен Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао бардык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу убадалашты.

Ак үй таркаткан билдирүүдө Обама менен Ху "экономика жагынан стратегиялык" жаңы алака түзүүнү чечишкени айтылат. Бул планга ылайык эки тарап тышкы иштер жана финансы министрлер деңгээлинде жылына бир ирет жолугушуп, мамилелерди өнүктүрүү жолдорун талкуулап турушат. Жолугушуунун биринчи айлампасы быйыл жай ичинде Вашингтондо өтөт. Жылдын экинчи жарымында Обама Кытайда болуп кетет.

Лондондогу сүйлөшүүлөр аяктаган соң Обама эки тарап мамилелерин чыңдоого киришкенин жарыя кылды. "АКШ менен Кытай ортосундагы мамилелер өтө конструктивдүү болуп баратат, - деп айтты ал. – Экономикалык алыш-беришибиз да күчтүү. АКШ менен Кытайдын карым-катнашы эки өлкөнүн жарандарына эле эмес, жалпы дүйнө жакынкы жылдарда туш боло турган чалкеш проблемаларды чечкенге да жардамдашат".

Өз кезегинде Ху Цзинтао дүйнөлүк экономиканы өрүш алдыруу үчүн эки өлкө тыгыз кызматташарын, ядролук куралдарды таркатпоо маселесинде, эл аралык коопсуздуктун башка маселелери жагынан өз ара консультацияларды өткөрүп турушарын билдирди.

"Мындан тышкары эки тарап жаңы доордогу АКШ-Кытай мамилелерине жана стратегиялык экономикалык алакаларга байланыштуу макулдашууга жетишти",-деп айтты Цзинтао.

Дипломаттар эки өлкө аскерий чөйрөдө да мамилелерин бекемдеше турган болду дешет. Буштун администрациясы былтыр Тайванга 6,5 миллиард доллар суммасында курал-жарак сатканын жарыялаган соң АКШ менен Кытайдын жогорку даражалуу аскери өкүлдөрүнүн өз ара карым-катнаштары үзүлүп калган эле.

Сүйлөшүүлөр учурунда доллардын ордуна дүйнөлүк жаңы валюта түзүү тууралуу Кытайдын сунушу, ошондой эле юандын калкыма эркин курсуна байланышкан темалар сөз болгон жок. Вашингтон юандын долларга алып санаган наркы жасалма түрдө 40 процентке төмөндөтүлгөн, натыйжада кытай товарлары АКШда арзан сатылып, америкалыктардын экспорттогон товарлары Кытайда кымбатка соодаланып жатат деп эсептейт.

Лондондогу билдирүүнү дүйнөлүк банктын президенти, Батыш өлкөлөрүндөгү бизнестин лидерлери куш кабардай кабыл алышты. Алардан айрымалуу айрым байкоочулар, алардын ичинде Вашингтондогу "Мурас" фондусунун эксперти Дерек Скиссорс эки тараптын экономикалык алакалары стратегиялык өнөктөштүккө өсүп чыгары, дүйнөлүк экономикалык кризиске оң таасирин тийгизери өтө эле күмөндүү экенин белгилешип, Лондондо айтылган убадаларды "куру сөз" деп баалашты.

Эл аралык изилдөөлөр борборундагы Тынч океан форумунун төрагасы Ралф Косса Кытай менен АКШнын кызматташтыгы глобалдык экономикалык проблемалардын чечилишине салым кошкон күндө деле анын маанисин ашыра баалагандан сактандырды.

XS
SM
MD
LG