Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Обаманын планы сенатта биртке оңдолду


Президент Барак Обама 6-февралда экономиканы көтөрүү боюнча консультативдик кеңеш түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Президент Барак Обама 6-февралда экономиканы көтөрүү боюнча консультативдик кеңеш түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн өзүнүн экономикалык планына байланыштуу телеканалда калктын суроолоруна жооп берет. Ушул эле күнү ал Индианада, эртең Флоридада коомчулук өкүлдөрү менен жолугат.

Экономикалык планды талкуулаганы сенаторлор ишемби күнү да ишке чыгышты. Ары-бери тартышып жатып, демократтар республикачылардын айрым байистүү мүчөлөрүн ийиткенге жетишти.

Сенаторлордун мунасасын кубаттап,Обама “пландын чабыты жана масштабы туура экенин,аракеттене турган мезгил келгенин” белгиледи. “Эгер биз бул планды ишке ашырууга тезинен киришпесек,анда азыркы экономикалык кризис улуттук катастрофага айланып кетет”,-деп эскертти ал. Обама буга кошумчалап,“ кынжылган калк демократтардын же республикачылардын эмес, жалпы америкалыктардын чечимин күтүп жатканын” эске салды.

Мыйзам долбоору сенатта бүгүн же эртең колго салынат.Палатада демократтардын 58 өкүлү бар, республикачылардан долбоорду эки сенатор колдой турган болду.Баары болуп ошондо долбоор 60 добуш алышы мүмкүн. Демократиялык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид муну долбоордун сенаттан шыдыр өтөрүнө жетиштүү кепилдик деп эсептейт.

Экономиканы жандантуу үчүн каралган чараларга Обама адегенде 900 миллиард доллар каражат сураган эле. Сенатта республикачыл партиянын өкүлдөрү муну өтө эле ысырапкорчулук катары баалашты. Талаш-тартыштардан соң акыры тараптар 780 миллиард долларга токтолушту. Эгер сенат долбоордун ушул вариантын кабыл алса, анда аны өкүлдөр палатасы мурда бекиткен вариантка ылайыктап,оңдоп-түздөп чыкканга туура келет.

Обама долбоордун сенаттагы мунасалуу вариантына жогору баа берди.Президенттин айтымында, “бул план жолдорду,көпүрөлөрдү, дарыялардагы жана жээктердеги көтөрмөлөрдү кайра курууда жаңы жумушчу орундарын түзгөнгө,кыйын-кыстоо кезеңди баштан кечирип жаткан орто тапка салык жагынан кыйла жеңилдиктерди бергенге өбөлгө болмокчу”.

Өз планын Обама коомчулуктун өкүлдөрү менен да талкуулап чыкканы жатат. Бүгүн ал Индиана штатында жергиликтүү тургундар менен бир нече жолугушууларды өткөрөт. Эртең ал Флоридада болот.Ушул эки штаттын калкы экономикалык кризистен баарынан көп жабыркашты.

Жалпы өлкө боюнча январда эле 600 миң киши ишсиз калды, жумушсуздар саны соңку 17 жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө - 7,6 процентке жетти.

XS
SM
MD
LG