Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Адам укуктары: ала-кула жыл


Мамлекеттик департаменттин дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган кезектеги жылдык доклады менен мамкатчы Хиллари Клинтон тааныштырды.
Мамлекеттик департаменттин дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган кезектеги жылдык доклады менен мамкатчы Хиллари Клинтон тааныштырды.

АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктарынын өткөн жылдагы абалын талдаган кезектеги докладын жарыялады. Аны даярдоого миңден ашуун адам катышты. Жер шарындагы 194 өлкөдөгү жагдайды камтыган бул жолку доклад адам укуктарынын дүйнөдөгү абалын кыйла толук жана кең-кесири көрсөткөн документ таризде аталды.

Документтин мазмуну менен журналисттерди тааныштырып жатып, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон "адам укуктарынын сакталышын кепилдей ала турган кырдаал түзүүгө демократиялык башкаруу жана экономикалык өнүгүү өз ара эриш-аркак болуп кандай таасир тийгизе аларын стратегиялык мааниде ар тараптан аңдап-таануунун зарылдыгына" көңүл бурду.

"Адам укуктарын коргогон демократия жана адам укугун урматтаган экономикалык өнүгүү бирин бири өз ара толуктап, күчтөнтүп турат, биз муну моюнга алышыбыз абзел", -деп көрсөттү ал.

Документтин максат-муратына токтолуп,Клинтон алар "дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө адам укуктары үчүн каармандык менен күрөшүп жаткандарга, адам укуктары бузулган фактыларды каттаган журналисттер менен илимпоздорго маанилүү көмөк болорун" белгиледи. "Бул докладдар өкмөттөр үчүн, анын ичинде биз үчүн да маанилүү, анткени бизге бардык жерде адам укуктарын коргогонго туура келет",- деп ырастады Клинтон.

Докладда адам укуктары чөйрөсүндө өткөн жыл "ала-кула жыл" болгону көрсөтүлөт. Бул жагынан байкалган дүйнөдөгү тенденциялар арасынан мамлекеттик катчынын жардамчысы Майкл Познер "25тен кем эмес өкмөт акыркы бир нече жылда коомдук уюмдардын ишине, атап айтканда, укук коргоочу топторду каттоого, жыйындарды өткөрүүгө, чет элдик гранттарды алганга жаңы чектөөлөрдү" киргизгенин баса белгиледи.

Дагы бир көрүнүш катары саясий салмагы жеңил, өз укугун коргоого мүмкүндүгү жетишсиз катмарды – расалык, диний, улуттук азчылыктарды, ошондой эле аялдарды,балдарды, майыптарды басмырлоо күч алгандыгы аталат.

"Укук бузуунун дагы бир түрү – коопсуздук жана чукул абал жөнүндөгү мыйзамдарды туура эмес колдонуу практикасы жайылды, натыйжада негизги жарандык укуктар чектелүүдө. Муну биз Египеттен, Россиядан, Шари-Ланкадан көрүп жатабыз",-деп айтты Познер.

Документте көрсөтүлгөндөй, өткөн жылы отуздан ашуун уруштар менен ички куралдуу жаңжалдар эл аралык гуманитардык укуктардын бузулушуна алып келди, террорчулар, козголоңчулар, куралдуу топтор жана өкмөттүк коопсуздук күчтөрү тигил же бул аймакка контрол орноткону ырайымсыз ыкмаларды колдонушту. Докладда былтыр ооган калкы өтө чоң зобун-зордук тартканы, өкмөт аларды коргой албаганы айтылат. Ирактагы жагдайга да ушундай мүнөздөгү баа берилет.

Документтин авторлору Кытайдагы кырдаал жакшырган жок деп ырасташат. Уйгурлар, тибеттиктер кысмакталып, сот өкүмүсүз эле жазалоо, кыйноо практикасы колдонулду, интернетти, жалпы маалымат каражаттарын көзөмөлдөө күчүндө калды. Өкмөткө каршы басма беттеринде сын пикир айтканга таптакыр жол бербеген Өзбекстан да көп көрсөткүчтөр боюнча сынга алынган, Белоруссиядагы жагдай дале начар абалда деп табылган.

"Иранда өткөн жылдагы чуулгандуу шайлоодон соң кырдаал ого бетер кыйындады. Кагылыштарда бери дегенде 45 киши набыт болду, миңдеген адамдар камалды",- деп маалымдады Познер.

Документте Жакынкы Чыгыштагы көп өлкөлөрдө аялдарга, балдарга зобун-зомбулук көрсөтүү жалпы көрүнүш бойдон калганы белгиленет.

Докладды түзгөндөр Россиядагы кырдаал да керагар кеткенин, улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына шылтоолоп, өкмөт жарандык эркиндиктерге жапырык жасоону улантканын көрсөтүшөт. 2008-жылдагы президенттик шайлоо "адилет да, эркин да болбогону" белгиленет, Түндүк Кавказ өзгөчө "кооптуу аймак" деп аталат.

Мамдеп Италияда, Венгрияда, Румынияда, Словакияда жана Чехияда цыгандарды басмырлоо күч алганын, айрым учурларда мунун арты адамдардын өлүмүнө алып келгенин сынга алган.

Өткөн жылдагы дурус жышаандар арасында документ авторлору Грузияда кылмыш иштерин соттордо териштирүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганын, Украинада коррупцияга каршы комиссия түзүлгөнүн көрсөтүшөт.

XS
SM
MD
LG