Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

"Уурдалган" иран илимпозу мекенине келатат


АКШ -- Шахрам Амири аны атайын кызматтар АКШга уурдап кетишкенин айтты, Вашингтон болсо ал АКШга өз эрки менен келген дейт.
АКШ -- Шахрам Амири аны атайын кызматтар АКШга уурдап кетишкенин айтты, Вашингтон болсо ал АКШга өз эрки менен келген дейт.

Ирандын тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, илимпоз-физик Шахрам Амири АКШдан мекенине жөнөп кетти, Тегеранга ал үчүнчү бир өлкө аркылуу кайтып келет.

Иран өкмөтү окумуштууну өткөн жылы АКШнын атайын күчтөрү уурдап кеткен деп эсептейт. Вашингтон болсо Амиринин АКШга өз эрки менен келгенин, каалаган учурда мекенине кайтып кеткенге мүмкүндүгү болгонун айтууда.

Иран маалымат каражаттары Шахрам Амирини Тегеран университетинде иштеген дешет, башка бир булактарда атом энергетикасы боюнча өкмөттүк агенттикте да кызматта турганы айтылат. Былтыр Сауд Арапстанга зыяратка барып, ошо бойдон дайыны чыкпай жоголуп кеткен. Көп өтпөй интернетте үч тасма пайда болгон, өзүн Амири деп атаган киши алардын биринде аны Медина шаарынан уурдап кетишкенин, экинчисинде АКШнын Аризона штатында ээн-элкин эле жашап жатканын, үчүнчүсүндө болсо кармап келген адамдардан качып чыкканын айткан.

Ушул жуманын дүйшөмбү күнү ал капыстан эле Вашингтондо Пакистан элчилигинде пайда болгон. Анын эртеси иран журналистине кеңири интервью берип, аны АКШнын жана Израилдин атайын кызматтары биргелешип уурдап кетишкенин билдирди. Эмне үчүн Пакистан элчилигине бир жылдан соң келгенин түшүнтүп бере алган жок.

Америкалык эксперттер Амири бир жыл бою үй-бүлөсүнөн бөлүнүп жашап, жаңы шартка көнө албай, кыйналып кетти, ошондуктан акыры үйүнө кетүүнү чечти деп эсептешет.

Амиринин айткандарын талдап көрүп, ЦРУнун мурдагы кызматкери Роел Герехт атайын кызматтар аны уурдап келгенине ишендире турган эч кандай таныктарды көрө алган жок. "Эгер аны чындап эле уурдашкан болсо, аны АКШга алып келмек эмес",- деп кошумчалады ал.

Амири өз эрки менен АКШда турганын, каалаган учурда өз өлкөсүнө кете алмагын мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон да бышыктады.

Мунун соңунан мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроули америкалык бийликтер Амири менен байланышта болгонун моюнга алып, бирок анын чоо-жайын түшүндүргөн жок. "Иранга кайтып кетүүнү ал качан чечкенин айта албайм, ал бу жерде эркин абалда жүрдү, эгер кеткиси келсе, бу жагынан ага жардамдаша алабыз", -деп айтты Кроули.

ABC телеканалы Амири АКШга өзү качып келип, Ирандын атомдук программасы тууралуу ЦРУга жардамдашып жатканын быйыл мартта кабарлаган эле. Амири канчалык өлчөмдө маанилүү маалыматтардын булагы бола алганы, албетте, белгисиз бойдон калды.

Эмки маселе Амири Тегеранга кайтып келгенде кандай ыкыбалга кабылат – бул да азырынча белгисиз. Өзүн ЦРУнун мурдагы тыңчысы деп тааныштырган Реза Кахлили аттуу киши Амири өз үй-бүлөсүн куткарганы кайтып келүүнү чечкенин, бирок ал кыйноодон кутула албай турганын, балким, дарга асылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

The Washington Post гезитинин редактору Дэвид Игнейшес илимпоз Иранда кыйноо деле тартпайт, өлүмгө да дуушар болбойт деп эсептейт. Болгону "пропаганда планында алганда иран өкмөтүнө Амири абдан олжо болуп берет. Аны эми ай-жылдап телеканалдардан кайта-кайта көрсөтүшүп, АКШ кандай иштерге барарын жана Амирини кантип кыйнашканын түгөнгүс жомок кылып айта башташат".

XS
SM
MD
LG