Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

РКС: ким утту, ким утулду?


Президент Барак Обама Европада ракетадан коргонуу каражаттарын жайгаштыруудан баш тартканын жарыялады.
Президент Барак Обама Европада ракетадан коргонуу каражаттарын жайгаштыруудан баш тартканын жарыялады.

Европага ракетадан коргонуу каражаттарын жайгаштырбай турганын Ак үй жарыялаган соң саясий коомчулукта бу чечимден "ким утуп, ким утулат" маанисин издегендер көбөйдү.

АКШнын ракетадан коргонуу системасын (РКС) Роналд Рейган – космоско, Жорж Буш –жерге орноткусу келишсе, Барак Обама деңизге жайгаштырмай болду.Жаңы каражаттар болжолу Румыниядагы, Израилдеги жана Түркиядагы аскер деңиз базаларда түзүлөт, орто аралыктарга эсептелет.

Жаңы планды жактагандар Обаманын долбоору Буш пландаган мөөнөттөн жети ай эрте, 2011-жылы эле толук бүткөрүлөт, европалык союздаштарды ракеталык жапырыктардан алда канча жакшы коргойт, анын үстүнө эбегейсиз акча каражатын үнөмдөп калат дешет.

Эл аралык мамилелер боюнча Америка кеңешинин илимий кызматкери Жеймс Голдгиер болжолдогондой, жаңы план Европанын өзүнөн колдоо алуу, орустардын кооптонгон маанайын басуу көз карашынан алганда да бир топ артыкчылыкка ээ болчудай. Бирок бу чечимди администрация Россиянын эбине кирүү үчүн эмес, таза технологиялык жүйөөлөрдөн улам кабыл алганы шексиз.

Мамлекеттик департаменттин мурдагы кызматкери,Брукинг институтунун илимий эксперти Стивен Пайферге да Обаманын өкмөтү Ирандын ракеталык коркунучуна каршы РКС программасын жаңылап түзүп, акылдуу чечим кабыл алгандай сезилди. Анын үстүнө алыскы келечекте пайда боло турган кооптуу кыялый жагдай үчүн азыркыдай кысталыш кризистин шартында миллиарддаган доллар капитал сарп кылуу дурус иш болмок эмес.

Ак үйдүн кадамын америкалык либералдар колдоп, консерваторлор каршыгып кабыл алышты. Европа да Вашингтонду Москванын жетегине кирип кетти,чехтер менен поляктар орто жолдо осол абалда калды деп эсептегендер бар.

Буга байланыштуу Варшавада премьер-министр Доналд Туск Ак үйдүн чечимин Польшанын утулганы кыяпта баалаганга болбой турганын белгилеп, коопсуздук жагынан абал кечээкиден жаман деп айтканга негиз жоктугун ырастады.Чехиянын премьери Ян Фишер эки өлкөнүн мамилелери мурдагыдай эле жогорку деңгээлде каларына ишендирди.

"Бул кадамды орустар кубаттайт болуу керек, - дейт Пайфер. – Бирок орустар кубаттаса эле аны мандемдүү иштей көрүп, бу маселеде пайда-батасы жок болсо деле тетири жолго түшө берүүнүн кандай кажети бар?! Орустардын кычык-кыжырына тийиш үчүн эле көөсөрлүк кыла бериш керекпи?!"

Пайфердин ишениминде Ак үйдүн чечими Вашингтон менен Москванын кыйгыл тартып кеткен мамилелерин нормалдаштыруу, ал эми түпкү эсепте барып трансатлантикалык байланыштардын өзүн өнүктүрүү үчүн пайдалуу болот.

Россиянын премьер-министри Владимир Путин президент Обаманын чечимине "туура жана батыл кадам" деп баа берди. Немец канцлери Ангела Меркел "иран коркунучуна каршы күрөштүн стратегиясында Россия менен түзүлгөн кыйынчылыктарды четтетүүдө абдан үмүттөндүргөн жышаан" пайда болгонун белгиледи. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Россияны "өз ара мамилелердин жаңы этабын баштоого" чакырды.

Британ премьери Гордон Браун маселеге ядролук материалдардын жайылышына каршы күрөштүн аңытынан карады. "Обама кабыл алган чечимди чечкиндүү түрдө колдойм,- деп айтты Браун.- Менимче,бул ядролук өлкөлөрдүн ортосунда өз ара чоң ишеним бар экенин көрсөтөт. Массалык кыргын куралдарын таркатпоо маселеси Бириккен падышалык үчүн эң башкы маселе бойдон калат".

XS
SM
MD
LG