Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Обама экономисттер командасын элге чыгарды


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама өзүнүн экономисттер командасын жарыялады. Алардын алдында акыркы 80 жылдагы эң бир катаал кризистин кучагында калган экономиканы куткаруунун төө көтөргүс милдети турат.

Обама дүйшөмбүдө күтүлгөндөй эле кризисти тизгиндей турган "Америкадагы эң даанышман" экономисттердин ысымдарын жарыялады. Бир эле мезгилде кыйын кезеңдер дале алдыда экендигин мындайча эскертти:

– Кризисти токтотуш жеңил болбойт, бул бир күндө ишке апшайт. Бизге жол көрсөтүү үчүн Америкадагы эң күчтүү адистерди чогултушубуз керек. Мен экономикалык командамды тандаганда ушуну эске алдым. Мен терең ойлонгон жана кырдаалга жаңыча карай ала турган адамдарды издедим. Алардын тажрыйбасы да терең, жаңы идеяларга да бай.

Чикагодогу пресс-конференцияда Обама Казына катчылыгына учурда Улуттук банктын Нью-Йорк бөлүмүн жетектеген Тим Гайтнерди дайындап жаткандыгын билдирди. Обаманын Улуттук экономикалык кеңешин экс-президент Билл Клинтондун тушунда казына катчысы болгон Гарвард университетинин мурдагы ректору Лоренс Самерс жетектемекчи.

Обама ошондой эле эки аялдын, кеңири таанымал экономисттердин атын атады. Анын Экономикалык маслетчилер кеңешинин жаңы төрайымы боло турган Кирстина Роумер Калифорния университетинин профессору. Ал эми Ак үйдүн ички иштер саясаты боюнча кеңешин сенатор Тед Кеннединин эбактан берки кеңешчиси Мелоди Барнес жетектей турган болду.

Обаманын экомисттер командасы жарыялангандан кийин дароо эле ал чынында да "борборчул" көз караштагы ойчулдарды тандагандыгы тууралуу айтып чыгышты. Экономист басылмасы Гейтнер "компетенттүү" экендигин, Мексико, Таиланд, Аргентинадан берки финансылык кризистерде анчалык кеңири тажрыйбалуу адам бүгүн бул чөйрөдө жок экендигин жазды.

Экс-президент Клинтондун убагында жумуш катчысы болгон Роберт Рейх Обама тандаган адамдардын баарын идеологиялык өнөкөт түшүнүктөрдөн алыс прагматисттер деп баалады.

Обама АКШнын 44-президенти болуп 20-январда гана кызматка киришет. Бирок анын экономисттери азыртадан эле капсалаңда калган АКШнын экономикасын көтөрмөлөөнүн эки жылдык чукул планынын үстүнөн иштей башташты. Апта соңунда анын командасынын мүчөлөрү Конгрессти бул планды создуктурбай жактырууга чакырышты.

Обама да ушуга басым жасады:

-Конгресс январ айында ишке киришкенде дымактуу экономикалык куткаруу планын дароо карап баштайт деп үмүттөнөм. Себеби, ошондо биздин администрация да кечиктирбей ишке киришет. Экономика белчесинен сазга батып турганда, биз ишти артка тартып, кечиктирбешибиз керек.

Анын администрациясы сунуш эте турган планда ортоңку класстын салыктарын кыскартуу, жол курулушу, коомдук транспорт сыяктуу коомдук иштерге миллиарддаган доллар бөлүү сыяктуу иш-чаралар каралган. Мындай чаралар 2 жарым миллион жаңы жумушчу ордунун түзүлүшүнө, керектөөчүлөрдүн сарптоолорун көбөйтүүгө, демек бизнеске инвестиция салуунун көбөүшүнө жагымдуу шарт түзөт деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG