Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

АКШда кайрымдуулук кору террорду колдогону үчүн айыптуу деп табылды


Палестинада ХАМАСтын согушкерлери Газа тилкесинен Израилди көздөй байма-бай ок атып келатышат.
Палестинада ХАМАСтын согушкерлери Газа тилкесинен Израилди көздөй байма-бай ок атып келатышат.

Кошмо Штаттарда кезинде мусулман кайрымдуулук корлорунун эң ириси болгон уюмдун лидерлери палестиналык согушкерлерге каржылык колдоо көргөзгөнү үчүн айыптуу деп табылды.

Палестиналык согушкерлерге, атап айтканда ХАМАС уюмуна каржылык колдоо көргөзгөнү үчүн айыпталган кайрымдуулук кору "Ыйык жер" деп аталат. Ал Техас штатында жайгашкан эле. "Ыйык жер" кайрымдуулук кору -президент Жорж Буштун администрациясы 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин жапкан мусулман уюмдарынын бири. Анда жабылган уюмдар четтеги исламчыл экстремисттерди акча менен колдоп жатканы үчүн айыпталган.

Кордун беш лидеринин үстүнөн сот Техас штатынын Даллас шаарында өткөрүлдү. Аларга жана уюмга жалпысынан 108 айып тагылды. Соттун жүрүшүндө маалым болгондой "Ыйык жер" кайрымдуулук кору, АКШ террорчул уюм катары эсептеген ХАМАСка 12 миллион доллардан ашуун колдоо көргөзгөн.

Айтор, карама –каршылыктуу бул кылмыш иш боюнча тергөөнүн жана соттун аякташы АКШнын кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президенти Жорж Буш кезинде "террорго каршы" баштаган согуштагы эң соңку жеңиштердин бириндей көрүнөт.

АКШнын Баш прокурорунун улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Патрик Роуан (Patrick Rowan) соттун тыянагын террорчулукту каржылоо булактарын кыркуу багытындагы аракеттердин "өтө маанилүү баскычы" деп мүнөздөдү. Анын көз карашында, соттук териштирүүлөрдүн ийгиликтүү жүрүшү, АКШ гуманитардык жардам көргөзүү иштери террордук топторго колдоо көргөзүүнү жаап-жашыруунун механизми катары колдонулбасын кепилдөө көйгөйүн чечип жатканын көргөзүүдө.

Ал эми кайрымдуулук корунун жактоочулары сот өкүмү менен макул эместигин жана аны аппеляцияга берерин билдиришүүдө. Алардын бири Халил Миик белигилегендей, бул иш мыйзамдуу негиздеги кайрымдуулук "криминалдаштырылганын" көргөздү. Ал эми айыпкерлердин адвокаты Нэнси Холлэндердин айтымында, "Ыйык жер" кору Израилдин оккупациясы астында, оор шартта күн кечирип жаткан палестиндерге жардам көргөзүүдө мыйзамдык жолдор менен гана иштеген.

Далластагы сот жараяны учурунда аталган кор террордук ишмердикти тикелей колдогону үчүн күнөөлөнгөн жок. Мунун ордуна гуманитардык жардамды ХАМАСтын турумун көтөрмөлөөгө жана каражаттын социалдык программалардан буруп, аскерий ишмердикке багыттаганы үчүн айыптуу деп табылды.

Бул ирээт федералдык прокурорлор кайрымдуулук уюмуна каршы жаңы жана жөнөкөйлөштүргөн кылмыш ишин сунуш кылышты. Анткени буга чейинки биринчи сот жараянда төрагалык кылуучу судья менен бирге отуруган адамдар же присяжныйлар баш-аламандыктан улам бир чечимге келе албай койгон соң, иш кайрадан кароого жиберилген. Биринчи жараянда 200дөй айып болсо, азыркы жараянда айыптардын саны кыскартылып 108ге түшүрүлгөн, бирок көбүнесе мурдагы эле далилдерге негизделген.

Сотто айыпталган беш адамдын ысымдары: Шухри Абу Бакир, Мохаммад ал-Мизаин, Хассан Илаши, Муфид Абдулхадер жана Абдулрахман Оде. Алардан сырткары дагы эки адамга сырттан айып коюлду. Уюмдун эки эң башкы лидери Шухри Абу Бакир менен Хассан Илаши балким өмүр боюу, ал эми калгандары 15 жылга чейин кесилиши ыктымал. Хассан Илаши "Ыйык жер" корунун директорлор кеңешинин төрагасы, Шухри Абу Бакир аткаруучу директору болгон. Аларга сот өкүмүн угузуунун мөөнөтү азырынча белгиленген жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG