Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Обама Москвадагы сапарын аяктады


Москва -- Барак Обама менен Дмитрий Медведев Кремлдин ичин кыдырып чыкканга да үлгүрүштү.
Москва -- Барак Обама менен Дмитрий Медведев Кремлдин ичин кыдырып чыкканга да үлгүрүштү.

АКШ президенти Барак Обаманын Москвадагы визити аяктады. Бүгүн ал сегиз өлкөнүн саммитине катышканы Италияга жөнөп кетет. Кечээ Обама жана президент Дмитрий Медведев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарышты. Анын алдында АКШ президенти орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады, Москвадагы экономикалык мектепте программалык сөз сүйлөдү. Кечке жуук оппозициянын өкүлдөрү менен жолукту.

Обама менен Путин эки сааттан ашык сүйлөшүштү. "Жакшы маанайда жана үзүрлүү" өткөн бул жолугушууда Обама АКШга байланыштуу Медведев менен Путиндин көз караштары окшош экенин баамдады. Өзүнүн ошол байкоосуна таянып, эки өлкөнүн ортосундагы "мамилелердин кыйла бекем негизин түзгөнгө эң мыкты мүмкүнчүлүктөр бар" экенин белгиледи.

"Бир катар маселелерде пикирлерибиз келишпей калышы мүмкүн, бирок бири-бирибизди урматтап, өз ара кеңешип тура алабыз. Бул эки элдин жыргалчылыгына кызмат кылат",-деп көрсөттү Обама.

Кийин ушул ойдун чабытын кеңейтип, Обама экономика мектебинде программалык мааниде сөз сүйлөдү. Америка күчтөнсө Россия алсызданат деген ойду ал түп орду менен натуура түшүнүк деп атады. "Америка Россиянын күчтүү, бейпил жана гүлдөп-өнүккөн өлкө болушун каалайт, - деп айтты Обама. – Бул ишеним орус элин урматтоо сезимине жана биздин орток тарыхыбызга негизденет, ал болсо жалаң атаандаштык менен чектелген эмес".

Демократия темасына токтолуп, Обама "Америка башка өлкөлөргө башкаруу формасын таңуулаганга, андан калса кайсы партия же конкреттүү кайсы киши бийликте турушу керектигин көрсөтүп бергенге умтулбай" турганын ырастады. "Азыркы заманда өлкөнүн улуулугу башкаларды басынтуудан же демондоштуруудан көрүнбөйт. Империялар суверендүү мамлекеттерге шахмат тактасындагы фигуралардай караган күндөр өткөндө калды".

Америкадагы жана Россиядагы жарандык коомдордун форумунда сүйлөгөн сөзүндө да Обама эки өлкөгө саясий деңгээлде гана эмес, адамдык карым-катнаш чөйрөсүндө дө алакаларды өзгөртүү зарылдыгын көрсөттү. Буга кошо ал АКШда жарандык коомду куруунун кандайдыр бир жалпы рецепттери жок экенин эскертти. Болгону универсалдуу гана принциптер бар, бу жагынан Россия да, АКШ да бир-биринен үйрөнө алат.

Кечке жуук Обама орус оппозициясынын өкүлдөрү менен жолукту. Көз карандысыз саясатчы Владимир Рыжков кабарлагандай, демократия, адам укуктары проблемалары талкууланды. Алардын ичинде ЮКОСтун иши, сөз эркиндигинин кысмакталышы, эркин шайлоонун жоктугу тууралуу сөз болду. Мындан тышкары оппозициялык партияларды каттоого алуудагы кыйынчылыктар, коррупция, митингдерди кууп таркатуу фактылары козголду. Обамага оппозиционерлер Россиядагы саясий айыпкерлердин тизмесин тапшырышты.

Рыжков "жолугушуудан соң суверендүү демократия деген эмне экени, ал кандайча коолап-чайлап баратканы, оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү кандай кыйынчылыктарга туш келип жатканы тууралуу президент Обамада так түшүнүк пайда болот" деген ишеничин айтты.

"Тилектештик" кыймылынын лидери Борис Немцов Россияны коррупцияланган бюрократиядан бошотуу,эркиндик үчүн күрөшүү иши дегинкисинде Обаманын эмес, орустардын, оппозициянын милдети экенин эске салды.

"Бу жагынан чет өлкөлүктөр бизге жардамдашат деп эсептебейбиз. Бирок биз дүйнөлүк держава катары АКШ, ал эми дүйнөлүк деңгээлдеги лидер катары Обама, биринчиден, ушу тушта Россия, анын саясий системасы кандай абалда турганын билип коюшу керек. Экинчиден, Америка менен биздин ортобуздагы байланыштарды чыңдоо зарыл",-дейт Немцов.

АКШ-Орусия: мамилелер жаңы нукта өнүгөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

XS
SM
MD
LG