Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Стратегиялык куралдар келишимине тоскоолдук жок


Ак үйдүн басма сөз катчысы Роберт Гиббс маалымат жыйынында.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Роберт Гиббс маалымат жыйынында.

Вашингтондун ракетадан коргонуу пландарын АКШ да, Россия да стратегиялык куралдар жагынан жаңы келишим түзүүгө каскак деп эсептебейт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы шейшемби күнкү маалымат жыйынында билдирди.

Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббстин айтымында, Вашингтондун ракетадан коргонуу планынан улам стратегиялык куралдар келишимине кол койгонго кедерги түзүлүп, кечигип жатат деп божомол кылган туура эмес. Москва менен Вашингтон ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда, болгону долбоордогу айрым сүйлөмдөрдү кандай сомолодо жазуу керектигине байланыштуу гана жагдайлар калды.

"Бирок бул жерде ракетадан коргонуу маселесиндеги тараптардын эки башка позициясынын таптакыр тиешеси жок экенине мен бекем ишендире алам", - деп ырастады Гиббс.

Ал ошондой эле "эки аптадай мурда Обама менен Медведев телефон аркылуу сүйлөшкөндө орус президенти бул маселени тоскоолдук катары карабагандыгын", ракетадан коргонуу элементтерине байланыштуу АКШнын планы өзгөргөнү былтыр сентябрда эле белгилүү болгонун, андан бери бу маселе бир нече курдай талкууланганын кошумчалады.

Гиббстен мурда бул маселеге мамлекеттик департаменттин өкүлү Кроули да токтолуп, АКШ сунуш кылган планга ылайык Румыния ракетадан коргонуу системасынын айрым элементтерин өз аймагына жайгаштырганга макул болгонун ырастады жана алар Россияга каршы багытталган эмес деп кайрадан тастыктады.

Жакында Мюнхенде өткөн коопсуздук конференциясында орус өкмөтүнүн вице-премьери Сергей Иванов румындарга сунуш кылынып жаткан бул пландын чоо-жайын түшүндүрүүнү АКШдан талап кылган.

Шейшемби күнү Генштабдын башчысы генерал Николай Макаров президент Медведев бекиткен аскерий доктринага кайрылып, анда стратегиялык ракеталардан коргонуу системасы Россияга каршы багытталган кадам катары каралганын белгилеген.

"Чет элдик мамлекеттик бир катар ишмерлер мындай система жалпы коопсуздукту камсыз кылат деп ишендирип жатышат, бирок бул андай деле иш эмес",- деп айткан ал.

Стратегиялык жапырык куралдары жөнүндөгү мурдагы келишимге 1991-жылы кол коюлган. Анын мөөнөтү былтыр 5-декабрда бүттү. АКШ менен Россия жаңы келишим түзүүнү макулдашкан. Тараптар ага быйыл жыл этегине чейин кол койгонго үмүт кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG