Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

АКШда орустардын он тыңчысы кармалды


Монтклер -- АКШнын чалгындоо кызматтары орустардын эки тыңчысын ушул үйдөн кармашты.
Монтклер -- АКШнын чалгындоо кызматтары орустардын эки тыңчысын ушул үйдөн кармашты.

АКШнын юстиция министрлиги Россиянын пайдасына тыңчылык кылган он киши кармалганын кабарлады. Камалгандардан сегиз киши жашыруун иштеген орус агенттери, калган экөө алардын көмөкчүлөрү болгон. Орус тышкы иштер министрлиги бул иш боюнча АКШдан түшүндүмө берүүнү талап кылды.

Нью-Йорк штатынын сотунда танык катары келтирилген документте камалгандар Россиянын тышкы чалгындоо кызматында даярдыктан өтүшкөнү жана АКШга маалымат жыйноо тапшырмасы менен жөнөтүлгөнү айтылат. Алардын көбү 1990-жылдардын башында АКШга жасалма паспорт менен келишкен, жайлашып-жайгашып алган соң электрондук почта аркылуу жашыруун маалыматтарды жиберип турушкан.

"АКШга силер узак мезгилдүү тапшырма менен жөнөтүлгөнсүңөр. Билимиңер, банк эсебиңер, автомашинаңар, үйүңөр жана башкалардын баары бир максат: эң башкы тапшырманы аткаруу, атап айтканда, АКШнын саясий чөйрөсүндөгүлөр менен байланыш түзүп, аны өнүктүрүп, чалгындоо маалыматтарын жиберип туруу үчүн кызмат кылат", - деп айтылат Москвадан жөнөтүлгөн буйруктардын биринде.

Тергөө органдарынын маалыматтарына караганда тыңчылар курал-жарак чөйрөсүндө иштеген бир окумуштуу, ошондой эле АКШнын чалгындоо мекемесиндеги жогорку даражалуу бир кызматкер менен жакын байланыш түзгөнгө жетишкен. Юстиция министрлиги өлкөнүн контрчалгындоо мекемелери тыңчылардын изине түшүп, алардын ишин бир нече жыл байкап-багып жүрүп кармашканын ырастады.

Камакка алынгандар ысымдарын өзгөртүп алышкан. Аларды 27-июнда ар кайсы штаттардан жана ар кайсы шаарлардан (Монтклер, Йонкерс, Нью-Йорк, Арлингтон, Бостон) кармашкан. Тыңчылар тобунун дагы мүчөсү азырынча колго түшө элек.

Кармалгандардын ичинен тогуз киши тыңчылыктан тышкары акча адалдаганы үчүн да айыпталышты. Эгер алардын бул күнөөсү далилденсе, ушул үчүн эле АКШнын мыйзамдарына ылайык жыйырма жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Россиянын тышкы чалгындоо кызматы бул окуяга эч кандай комментария берген жок. Тышкы иштер министри Сергей Лавров гана Вашингтондон түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

"Кеп эмне жөнүндө болуп жатканын бизге айтышкан жок, айтышат деп үмүт кылам. Азырынча бир гана нерсени айта алам: бул иш үчүн оңтойлуу учурду өзгөчө чеберчилик менен тандап алышты", - деп билдирди Лавров. Орус президенти Дмитрий Медведев жакында эле АКШда сапарда болуп, эки тараптын алакалары жылымтыктай баштаганын белгилеген эле.

Эксперттер менен байкоочулар болсо бул окуяны XXI кылымдын технологиясын колдонгон "кансыз согуш" маалындагы иштерге салыштырып жатышат. АКШдагы Эмори университетинин саясий илимдер боюнча профессору Харви Клер ар бир өлкө, өзгөчө АКШ менен кыйын-кычыктуу мамилеси бар мамлекеттер чалгындоо маалыматтарын чогултканга кызыга турганын айтып, бул жолку окуяны ири операция деп атады жана ал ушунусу менен таң калтырганын белгиледи.

Башка бир эксперттер кечээ тутанган тыңчылар жаңжалын 1957-жылы советтик чалгынчы Рудолф Абел кармалган кездеги окуяга теңештиришти.

XS
SM
MD
LG