Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Клинтон Киевде болду


Киев -- Президент Виктор Янукович мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонду АКШ Украинанын стратегиялык өнөктөшү бойдон калат деп ишендирди.
Киев -- Президент Виктор Янукович мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонду АКШ Украинанын стратегиялык өнөктөшү бойдон калат деп ишендирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жума күнү Киевде болду. Президент Виктор Янукович жана башка бир катар ырасмий өкүлдөр менен жолугуп, АКШ-Украина комиссиясынын жыйынына катышты.

Европанын чыгышындагы айрым өлкөлөрдө соңку кездери АКШ Россия менен мамилесин жакшыртууну көздөп, ошонун айынан постсоветтик аймактагы демократияны колдоо ишине көз жумуп койду дегендей пикирлер айтыла баштаган эле. Ошондон улам Хиллари Клинтон Киевде бул маселени кыйгап өткөн жок.

"АКШ демократияны жайылтуу жана укук үстөмдүгүн камсыз кылуу маселесинде Украина менен кызматташууну көздөйт", - деп айтты ал Киевде өткөргөн маалымат жыйынында. Жаңы бийлик демократиянын принциптерин кармана турганын далилдеп көрсөткөнүн айтып, мунун мисалы катары быйылкы шайлоону атады, аны бардык чен-өлчөмдөр жагынан "чынчыл, ачык жана адилеттүү" өттү деп баалады.

Мындан тышкары Клинтон "жаңы өкмөт басма сөз эркиндигин колдоп, өлкөдөгү активдүү маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу жагынан конкреттүү кадамдарды көрүп жатканын" да канааттануу менен белгиледи.

Украинада "көч башчылар" атанган журналисттер тобу жакында "Токто, цензура" деген кыймыл түзүп, негизги бир нече телеканал өз кабарчыларына азыркы бийликти сындаганга тыюу салганын билдиришкен эле. Өкмөт өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалды журналисттер менен менчик ээлери ортосундагы мамилелердин гана проблемасы деп атап, цензура тууралуу эч кандай сөз болууга тийиш эмес деп айтышкан.

Клинтон Киевге келерден бир күн мурда Жогорку Рада мамлекеттин тышкы жана ички саясатынын негиздери жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясын бекитти. Анын текстинен Украинанын НАТОго мүчө болууну көздөгөн мүдөөсү көрсөтүлгөн жобо алынып салынды. Оппозиция азыркы бийликти айыптап, Янукович менен анын командасы өлкөнү Россияга багыттап, евроатлантикалык интеграцияга тоскун кое баштады деп ырастоодо.

Буга байланыштуу Клинтон Украина көз карандысыз мамлекет экенин, андыктан союздаштар менен өнөктөштөрдү ал өзү тандап аларын белгиледи. "Ошол эле учурда НАТОнун эшиги ачык бойдон калат,- деп кошумчалады Клинтон, - өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай жол керектигин Украина өзү аныктайт".

Янукович евроинтеграция ишинде Киев өкмөтү АКШнын активдүү жардамына үмүт кыларын бышыктады. Клинтонду ал жаңы бийлик мурдагы президенттин тушунда Москва менен бузулган алаканы оңдоп, ошол эле учурда Батыш менен да жакшы мамиле түзгөнгө кызыкдар экенине ишендирди.

"Мен баса белгилегим келет: АКШ биздин ишенимдүү стратегиялык өнөктөшүбүз, бул өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз",-деп айтты Янукович.

Ал ошондой эле Украина аркылуу кошумча газ куурун курууну Россия менен Евросоюзга сунуш кылганын, мунун жообун күтүп жатышканын, кокус демилге колдоо тапса, анда биргелешкен ишкана түзүлө турганын кошумчалады.

Эки тараптуу комиссиянын жыйынында Украинанын энергетика тармагына АКШдан инвестиция тартуу ишин активдештирүү тууралуу макулдашылганын тышкы иштер министри Константин Гришенко маалымдады.

Клинтон Киевден соң Полшада, Азербайжанда, Арменияда жана Грузияда болот.

XS
SM
MD
LG