Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Обама бүгүн ант берет


Кошмо Штаттарда бүгүн Барак Обама АКШнын 44-президенти катары ант берет. Салтанатты көрүү үчүн АКШнын борборуна 2 миллиондон ашуун адам жыйналууда. Сандык көрсөткүчтөрү боюнча Барак Обаманын ант берүү аземи буга чейинки ушундай окуяларда катталган рекорддордун баарынан ашып өтөрү күтүлүп жатат.

Барак Обама президент катары антты АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийдин кире беришинде берет. Бул окуя жергиликтүү убакыт боюнча түшкү 12, Бишкек убактысы боюнча түнкү 22лерде болот. Ант берүүдө Обама өзүнүн саясий кумири катары эсептеген Авраам Линкольн 1861-жылы ант бергенде пайдаланган Библияны колдонмокчу. Авраам Линколндун Библиясы андан бери Конгресстин китепканасында сакталып турган.

Линколн - Американынын 16-президенти. Бийликте 1861-жылдан 1865-жылы киши колдуу болгонуна чейин турган. Жарандык согушту жеңүү жана кулчулук практикасын токтотуу менен өлкөнүн биримдигин сактап калганы үчүн урматталат.

Анын үстүнө быйыл Авраам Линколндун туулган күнүнүн 200 жылдыгы. Ал да Обама өңдүү президенттикке келгенге чейин Иллинойс штатынан Конгресстин мүчөсү болгон.

Ар төрт жылда АКШнын жаңы же кайра шайланган президенти кызматка киришкенде негизинен бир эле форматта өтүүчү ант берүү аземинде Обама Авраам Линколндун Библиясын колдонуусу - бул жолку салтанаттагы жеке өзгөчөлүктөрдүн бири. Мындан сырткары азыркы ант берүүдө таанымал ырчы Арета Франклиндин (Aretha Franklin) ырдоосу, белгилүү, бирок айрым көз-караштары талаш туудурган евангелист дин ишмери Рик Уоррендин (Rick Warren) дуба, ал эми акын Элизабет Александердин (Elizabeth Alexander) поэма окуусу белгиленген.

Айтор бул деталдарды эске албаганда да АКШнын тарыхында быйыл 56-ирээт өтүп жаткан президенттик ант берүү мурдагылардан айрымалуу болот. Барак Обама - АКШнын тарыхтагы биринчи ындыкара президенти. Көптөгөн америкалыктар муну бир аз жыл мурда эле элестете алышчу эмес.

Барак Обама ошондой эле Америка жарандык укуктар үчүн күрөшкөн айтылуу ындыкара ишмер Мартин Лютер Кингдин күнүн белгилегендин эртеси ант берүүдө.

Америка президентинин инагурациясы - бир күнгө созулуучу, АКШнын демократиялык духун жана океандын эки жээгинин ортосунда жашаган 300 миллион калкынын ар түрдүүлүгүн камтууга аракеттенген окуя.

56-ирээт өтүп жаткан ант берүү же Барак Обаманын инагурациясы мындай салтанаттарда буга чейин катталган рекордорддун баарын басып өтөрү күтүлүүдө. Ал коротулган акча жагынан эң кымбат, коопсуздук чаралары буга чейин болуп көрбөгөндөй күчөтүлгөн жана көрүүчүлөрүнүн саны да эң көп катталган салтанат болот.

Вашингтондун Ак үй, Капитолий жана федералдык мекемелердин баары жайгашкан Колумбия району ант берүү аземинин дээрлик 2,5 миллионго жетери күтүлгөн көрүүчүсүн жана катышуучусун батыруу жана коргоо үчүн дээрлик 50 миллион доллар коротту.

Инагурацияны утурлай18-январда Вашингтондогу Линколн мемориалында Голливуд жылдыздары өткөргөн концертке күндүн сууктугуна карабай 75 миңдей адам катышты. Концерттин соңундагы кыска сөзүндө Обама катышуучуларга кайрылып, мындай деди:

- Биздин тарыхтын жүрүшүндө муундардын саналуусуна гана биз азыр туш болгондой олутуу көйгөйлөр менен күрөшүү вазийпасы жүктөлгөн. Биздин өлкө согушта, биздин экономика кризисте. Мен сиздердин добушуңарды күн сайын Ак Үйдүн сүйрү залына өзүм менен кошо ала кирем. Биздин тагдырыбыз ар башка, бирок тилегибиз бир. Өз тагдырыбызга өзүбүз кожоюн болуп, балдарыбыз бизден жогору баскычтарга көтөрүлөт деген убада алган америкалыктардын добушу ар дайым кулагымда жаңырып турмакчы.

Шейшембидеги ант берүү салтанаты жергиликтүү убакыт боюнча саат 11де, Бишкек убактысы боюнча кечки 21де башталат. Обама жубайы Мишел, кыздары Саша жана Малия менен бирдикте Ак үйдүн жанындагы мамлекеттик резиденция - Блэр Хаустан Капитолийге кортеж менен келет.

Жаңы президентке "Кадиллак" маркасындагы жаңы автоунаа даярдалган. Коопсуздук жагынан өзгөчүлүктөрү өтө жашыруун кармалган менен маалыматтарга караганда, ал дүйнөнүн технологиялык жактан эң алдыга кеткен автоунаасы. Брондолгон тулкусу, ок өтпөс айнектеринен сырткары, бул чылк кара лимузиндин кычкылтек менен автономдуу камсыздай ала турган жабдуусу бар. Ал ичиндегилерди химиялык чабуулдан да коргой алат.

Шейшембиде Вашингтондо күн суук, бирок асман ачык болору күтүлүүдө. Капитолийдин кире беришинде Обама жана үй-бүлөсү атайы айнек менен жабылган жана жылытылган жайда олтурат.

Антты оболу шайланган вице-президент Жо Байден, андан соң президент Барак Обама берет. Обаманы антка АКШнын Жогорку сотунун төрагасы Жон Робертс (John Roberts) келтирмекчи.

Ушундан соң ал өмүрүндөгү эң маанилүү сөзүн сүйлөөсү керек. Айрымдар Обаманын сөзү Жон Кеннединин легендарлуу инагурациялык сөзүнө тең келет же балким ашат деп күтүшүүдө.

Ант берген президенттин сөзүнөн кийин поэма окулат, диний жөрөлгө жасалат жана АКШнын гимни ойнолот. Ошентип жергиликтүү убакыт боюнча 12:30, Бишкек убактысы боюнча 22:30 ченде АКШнын жаңы президенти кызматка киришти деп эсептелинет.

Ушундан соң Барак Обама, мурдагы президент Жорж Буш жана башка 200дөй саясий ишмер Капитолийдин ичинде түшкү сый тамакка чогулат. Дасторкондо америкалык тамак-аштын классикалык үлгүлөрү болот.

Түшкү тамактан соң Ак үй менен Капитолийди байланыштырган Пенсильвания проспектисинде инагурациялык парад өтөт.

Ант берүү аземине билет алган 240 миңдей адам түздөн-түз катышмакчы. Ал эми Вашингтонго чогулган эки миллиондон ашуун көрүүчүнүн көбү ант берүү аземи өтүүчү аймактан алсыраакта болот. Алар үчүн ондогон ири экрандар орнотулду. Көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн улам биринчи ирээт инагурация үчүн Вашингтондогу Улуттук аллеянын аймагы ачылып олтурат. Ал жерден ант берүү аземин 1 миллиондой адам көрөрү күтүлүүдө. Дегеле 600 миң калкы бар Вашингтондун бийликтери үчүн шаарга бир учурда мынчалык коноктун келүүсү чоң "баш ооруу" болгону талашсыз.

Террордук чабуулдардын заманында АКШнын туңгуч ындыкара президентинин ант берүүсүнүн коопсуздук жагы да буга чейин болуп көрбөгөндөй күчөтүлдү. Коопсуздукту жерден, суудан, асмандан камсыздоого 20 миңдей адис тартылууда. Ак үй менен Капитолийдин айланасындагы көчөлөр күн мурунтан эле жабылды.

Ант берүү аземи кечинде ондогон майрамдык баллдар менен коштолот. Президент Обама жана биринчи айым Мишел алардын кеминде онуна катышмакчы. Баллга чакыруу албагандар болсо бул күнү Вашингтондун барларында адаттагыдан узак олтура алышат. Мындай жайлар кадимкисинен 4 саатка кеч, таңкы 5те жабылмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG