Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Барак Обама үмүттөрдү жандырды


АКШдагы президенттик шайлоодо демократтардын талапкери Барак Обама жеңишке жетишти. Кыргыз саясатчылары бул жеңишти күтүлгөн жеңиш катары баалашууда.

47 жаштагы Барак Обама 4-ноябрдагы АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Кошмо Штаттардын эли тарыхында биринчи жолу афроамерикалыкты президент кылып шайлап алды.

Кыргызстандык саясатчылар Барак Обаманын жеңишин мыйзам ченемдүү жана күтүлүп жаткан нерсе катары кабыл алышууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев Барак Обаманын жеңиши тууралуу "Азаттыкка" мындайча пикирин билдирди:

-Шайлоонун жыйынтыгы боюнча эмнени айтууга болот? Биринчиден, АКШда бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк деген ураан күчүндө экенин далилденди. Экинчиден, преиздент АКШнын жараны болуш керек деген конституциянын талабы аткарылды. Финансылык кризистин чыгуу боюнча программа расалык өзгөчөлүктөн маанилүү болуп чыкты. Кыргызстан менен АКШнын мамилесинде болсо эки тараптан тең кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттер мурдагы бойдон сакталып калат деп ишенемин, - деген Эднан Карабаев кыргыз президенти Курманбек Бакиев Барак Обамага жеңиши менен куттуктаган телеграмманы жолдогонун кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Барак Обаманын жеңишин дүйнөдө расалык ажырым жоголуп баратканын, бул маселеде улуу держава ушундай үлгү көрсөтүп жатканын айтып буларга токтолду:

-Бул шайлоону Америкадагы тигил, же бул саясий күчтүн гана утушу эмес, дүйнөдөгү адамдардын динге болгон, расалык мамилелерге болгон, бай-кедей деген карым-катнаштарга болгон мамилесинин чоң революциялык өзгөрүү жасашы катары баалаймын.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, анын көңүлү башынан эле Барак Обама тарапта болуп келгенин айтуу менен Обама жаңылануу урааны менен алдыга чыкканын жана анын бийликке келиши дүйнөгө таасир тийгизээрин белгиледи:

-Негизинен жалпы дүйнөнүн саясатына таасир этет. Жалпы дүйнөнүн саясатына таасир этсе, анда Кыргызстанга да өзүнүн таасирин тийгизет. Обаманын келиши менен Кыргызстанда саясат өзгөрөт деш жаңылыштык болот. Бирок Кыргызстанда дагы жаңылануу саясаты болуш керек. Ал сырттан келбей, мына ушул жерден, ичтен чыгыш керек.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исмаил Исаков Барак Обаманын жеңиши күтүлүп жаткан жеңиш болгонун айтуу менен анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

-Менин оюмча, үч негизги себеп болуп жатат. Биринчиден, америка эли сегиз жылдан бери келаткан Жорж Буштун саясатынан башка саясат болушун каалап турган. Экинчиси, Барак Обаманын социалдык, ички, тышкы саясий көз карашы көпчүлүк элге жакты.Үчүнчүсү болуп, анын жаштыгы, түсү, динге мамилеси да өз ролун ойноду.

Генерал Исаков ошондой эле “Жаңы Кыргызстан” партиясы Барак Обамага куттуктоо телеграммасын жолдогонун кошумчалады.

Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов Барак Обаманын жеңишин күтүлгөн жеңиш катары баалап, ал жеңиш Американын рухунун көтөрүлүшү менен коштолуп жатканын белгиледи. Бул көтөрүлүү дүйнөгө да таасирин тийгизет. Дүйнөдө да өзгөрүүлөр болот, деп эсептейт Бакыт Бешимов.

Кыргыз саясатчылары ошондой эле Барак Обаманын президенттикке келиши менен демократия, адам укуктары сыяктуу дүйнөлүк баалуулуктар кайрадан өз калыбына келет деген оюн билдиришүүдө.

Барак Обама расмий түрдө президенттик кызматка келерки жылдын 20-январында киришмекчи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG