Шайлоочулар коллегиясынын курамы өлкөнүн 50 штатынын жана борбор Вашингтондун 538 өкүлүнөн турат.
Ошентип, 47 жаштагы Барак Обама АКШнын кырк төртүнчү жана теги афроамерикалык туңгуч президенти болот. Жаңы президент кызматына расмий түрдө 2009-жылдын 20-январында киришет.
Жон МакКейн өзүнүн кичи мекени Аризона штатынан сүйлөгөн сөзүндө шайлоодо жеңилгенин моюнга алуу менен атаандашы Барак Обаманы куттуктагынын билдирди. "Американын эли өз сөзүн айтты",- деп белгиледи МакКейн.
Америкалыктар 4-ноябрда президент менен катар Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын баардык 435, ал эми Сенаттын үчтөн бири же 35 мүчөсү үчүн да добуш беришти. Божомолдорго караганда, демокрарттар Конгресстин эки палатасында тең орундарынын санын көбөйтчүдөй. Талапкери Барак Обаманын президенттик шайлоодо жеңишке жетүүсү менен Демократиялык партия АКШнын аткаруу да, мыйзам чыгаруу да бийлигин көзөмөлдөп калат.
Ушул мүнөттөрдө шайлоодо жеңип чыккан Обама Чикагодо жактоочулары алдында сүйлөөдө.