Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Барак Обаманын жеңиши башка улуттарды эмнеге суктандырды?


АКШнын президенти болуп шайланган Барак Обаманын ийгилиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жамаатында кандай кабыл алынды? Бул жөнүндө “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун директорунун орун басары Ненад Пейич жеке баа-байкоолору менен бөлүшөт.

Афроамерикалык Барак Обаманын жеңиши көпчүлүк америкалыктарды кубандырса, бөтөн дүйнөнү суктандырды.

Балкандык журналист аял таңкы саат алтыда Обаманын жеңишин укканда ыйлап жиберген. «Эркин Европа/Азаттык радиосунун директорунун орун басары Ненад Пейич андан эмнеге ыйлайсың деп сураса, журналист аял босниялык шайлоочулар дайыма татыктуу талапкерге добуш бергендин ордуна, эки чабал талапкердин мыктыраагына добуш берүүгө аргасыз болуп жүрүшкөнүн айткан.


Учурда Босниянын байтакты Сараевонун мэрин шайлоо өнөктүгү жүрүүдө. Көпчүлүк байкоочулар теги хорват католик диниятчысы мэр шайланса туура болмок дешет. Бирок босниялык эмес адамды сараеволуктар тегиз колдобойт. Андан көрө начар болсо да, эскичесинен өз улутунун өкүлү үчүн добуш беришери талашсыз экенин айтышат серепчилер.

Ырас, Обама Кошмо Штаттардын президенти шайланган биринчи ынды кара болду. Россиянын президенти болуп, орус эмес кимдир бирөө шайланат десе ким ишенет? Этникалык индус Британиянын премьер-министри шайланат десечи?

Барак Обама ак түстүү Жон МакКейндин чоң артыкчылык менен жеңгенин эч ким танбайт. Кимдир бирөөлөр аны өңүнө карай колдосо, экинчи бирөөлөрдү анын өңү качырганы менен, америкалык көпчүлүк шайлоочулар Обаманын кайсы расадан экенине көңүл бурушпады. АКШнын мурдакы мамкатчысы Колин Пауэлл белгилегендей, Обама өңү менен эмес, идеясы менен жеңди.

Обаманы жеңиши менен биринчи болуп, атаандашы Жон МакКейн куттуктады. Ал эми Пейичтин Казак коллегасы: «Казакстанда атаандаштардын күрөшү шайлоодон кийин сотто уланат. Эч ким өз тарапкерлерин шайлоодо жеңген атаандашын колдоого эч качан чакырбайт» деп өкүнгөн.

Украин кызматынын башчысы болсо Си-ен-ен телеканалынын шайлоо бекеттеринде жүргүзгөн сурамжылоолорду же экзит-полду, добуштарды саноону жана шайлоонун жыйынтыгын түз алып бергенине көңүл буруп, мындай Украинада мүмкүн эмес экенин айтып суктанды, деп жазат Ненад Пейич.

XS
SM
MD
LG