Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Ооганстан – АКШнын башкы аскерий проблемасы


АКШ -- Коргоо министри Роберт Гейтс сенаттагы талкуу учурунда. 27-январь 2009-жыл.
АКШ -- Коргоо министри Роберт Гейтс сенаттагы талкуу учурунда. 27-январь 2009-жыл.

АКШ үчүн Ооганстан эң чоң аскерий проблема бойдон калат. Бул жерде уруш узакка созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Роберт Гейтс шейшемби күнү сенаттагы комитетте өткөн талкууда эскертти.

Гейтс Ооганстанда экстремисттердин түбүнө жетип, өкмөттүн күчүн күр кылганча дагы көп убакыт керек болорун сенаторлордун эсине салды. Бул жерде экономикалык жактан бакубат мамлекет да жакынкы аралыкта түзүлбөйт. Мындайга дүйнөдө эч кимдин кудурети да,акчасы да жетишпейт.

Анын үстүнө “Ирактагыдай эле Ооганстанда да маселени таза аскерий жол менен чечкенге болбойт”,- деп айтты Гейтс. Ошол эле учурда коопсуздуктун базалык негизин түзгөнгө керектүү аскер күчтөрү жетишпей келгенин да кошумчалады.

Быйыл жаз соңуна барып Пентагон ооган жерине эки бригада аскер киргизет. Андан соң контингент кошумча бөлүктөр менен чыңдалат. Бирок Гейтс бул өлкөгө ашкере эле көп аскер киргизгенден да сактандырды. Мындай кадам оогандыктарга натуура ишаара болуп бериши мүмкүн. Өздөрүнүн коопсуздугун алар өздөрү камсыз кылганга үйрөнүшү зарыл.

Гейтс жайкын калк арасындагы бөөдө чыгымдар коалициялык күчтөргө,айрыкча америкалык контингентке зыян келтирип жатканын моюнга алды. Мындай окуяларды азайтуу үчүн чаралар көрүлүп жатат. Талиптер эл менен аралашып кетип,калкты калкан кылып пайдаланат, аларга тике беттеп уруш салган учурда бейкүнөө адамдар жабыр тартууда.

Human Rights Watchтун докладында 2007-жылы 320дан ашуун жазыксыз киши жайран болгону айтылат. Былтыр бул көрсөткүч жогоруласа жогорулады, асты азайган жок. Жакында эле бир кыштакты америкалыктар жаңылыш бомбалап алып,кырктай киши мерт болду. Жергиликтүү калк буркан-шаркан түшүп, бир нече күн демонстрацияларды өткөрдү.

Президент Хамид Карзай да мындай операцияларды бир нече жолу айыптады, коалициядан, АКШдан террордук согуштун тактикасын жана стратегиясын өзгөртүүнү талап кылды.

Пентагондун бул жагынан кандай сунуштары бар экенин Гейтс сенатта айткан жок. Башкы командачылыктын жетекчиси генерал Дэвид Петрэус алдыдагы күндөрдө ооган жериндеги уруштун усулун жаңылоо боюнча аскери жетекчиликтин планы менен президент Обаманы тааныштырат.

Штаб начальниктеринин бириккен комитетинин төрагасы адмирал Майк Маллен Вашингтондо чет элдик журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында Гейтстин сөздөрүн колдоду. “Биз үчүн азыр Ооганстан-Пакистан башкы багыт болуп саналат”,-деп айтты ал.

Ал эми күрөштүн стратегиясына токтолуп, бул жагынан регионалдык мамиле керектигин,тактап айтканда, террорго каршы күрөшкө Пакистан,Индия жана Иран тартылышы зарылдыгын белгиледи. Тегеран бийликтерине адмирал көп деле үмүт арткан жок, ошентсе да эки тараптын кызыкчылыктарына негизденген мунаса табылып калса, анда ооган проблемасын чечкенге кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн жокко чыгарбады.

XS
SM
MD
LG