Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

МакКристал: Биз оогандарга каршы эмес, оогандар үчүн согушуп жатабыз


Генерал Стэнли МакКристал
Генерал Стэнли МакКристал

Генерал Стэнли МакКристал жакында НАТОнун жетекчилигиндеги эларалык аскер күчтөрүнүн жана АКШ аскер күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысы болуп дайындалды. «Азаттыктын» кабарчысы Хамид Мохманддын суроолоруна жооп берип жатып, генерал алардын аскерий стратегиясы ооган элин коргоого багытталганын айтты.

«Азаттык»: Сиз Ооганстандагы бул сапарыңыздан кандай жыйынтык чыгарып жатасыз?

Стэнли МакКристал: - Бул жерде коопсуздук күчтөрү жетишпей жатканына ынандым. Талип жикчилеринин аракетин эл колдобойт экен. Талиптер кайсыл бир деңгээлде азыр ооган өкмөтүнүн колу жетпей, же мүмкүнчүлүгү болбой калган, полиция жана аскерлер жок жерлерге жайгашып алышыптыр. Айрым аймактарда алар башкалардан да жакшыраак орношушкан. Бирок ал жерлерге талиптер элди коркутуп, күч менен келишүүдө.

«Азаттык»: Сиз жаңы кызматка дайындалгандан бери бейкүнөө тургундар арасында жоготууларды мүмкүн болушунча кыскартууга жетишиш керек деп кайталап келесиз. Жакынкы арада кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?

Стэнли МакКристал: - Бул атышуулар ооган элине каршы эмес, ооган эли үчүн жасалып жатат. Биз аларды коргош үчүн согушуп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, талиптер атайылап карапайым оогандар көп өлсүн деп, адамдар жыш отурукташкан аймактарга, же имараттарга жашынып алышат. Мурда айрым учурларда ушундай болуп келди. Биз бул үчүн кечирим сурайбыз жана мындан ары анын алдын алууга аракет кылабыз. Бирок ал такыр болбойт деп кепилдик берүү кыйын, себеби андай иштер баары бир боло берет. Биз азыр операцияларды кантип өткөрүүнүн жолдорун тактап алгыбыз келет. Анткени жөнөкөй адамдар арасында өлүмдүн санын кыскартууну ойлонушубуз зарыл. Андан сырткары, өзүбүздүн аскерлерибиз ооган элин таарынтпай, алардын ишенимине ээ болушу үчүн маданий жаатта да түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.

«Азаттык»: Ооганстан быйыл августта президенттик шайлоо өткөргөнү турат. Айрым талапкерлер азыртадан эле эларалык күчтөр тигил же бул талапкерди колдоп чыгышы мүмкүн деп чочулап турушат. Сиз буга кандай жооп берээр элеңиз?

Стэнли МакКристал: - Айрым тараптар минтип тынчсызданышы мүмкүн экенин түшүнөм. Менин жообум – бул такыр чындыкка жатпайт. Менимче, маалыматы жок адамдар ушундай сөздөрдү чыгарып, адамдардын башын айландырып жатат. Коалиция ооган өкмөтүнө президенттик шайлоо өңдүү иш-чараларды өткөрүүгө, ооган эли өзүнүн келечегин өзү тандоосуна шарт түзүп бергенге аракет кылып жатат. Биз аларга тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бергенге аракет кылабыз.

«Азаттык»: Сынчылар акыркы сегиз жыл ичинде эларалык коомчулук аскерий аракеттерге өзгөчө маани бергенин айтышат. Чынында эле ооган жериндеги проблема аскерий жол менен чечилет деп ишенесизби?

Стэнли МакКристал: - Жок. Албетте, биздин аракеттерде аскерий өңүтү бар, бирок жергиликтүү деңгээлде элди ар тараптан колдоп, аны коргой турган өкмөттү түзүү менен гана маселени чечсе болот. Адамдар жакшы жашап, иштеп, өз ишмердигин жүргүзүшүнө мыйзам тараптан колдоо ала турган жагдайды түзө алганда гана максатка жеттик деп айта алабыз. Мына ушунун баарына коопсуздукту камсыз кылып гана жете алабыз. Коопсуздук үчүн өз кезегинде аскерий колдоо керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG