Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Обаманын ооган стратегиясынын оң жана терс жактары


Ооганстанда АКШ президенти Барак Обаманын сүрөтү басылган кайрылуусун окугандар көп. 2-декабр, 2009-ж.
Ооганстанда АКШ президенти Барак Обаманын сүрөтү басылган кайрылуусун окугандар көп. 2-декабр, 2009-ж.

АКШнын НАТОдогу шериктеш өлкөлөрү Барак Обаманын Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жөнөтүү планын кубаттап, бирок ооган көйгөйү жалаң куралдын күчү менен чечилбейт деп эскертишти.

Шаршембиде эртең менен Брюсселдеги маалымат жыйынында НАТОнун баш катчысы Андерс Расмуссен соңку бир нече аптадан бери АКШнын шериктерин Ооганстанга дагы кошумча аскер жөнөтүүгө үгүттөп, убайым тартканына басым жасады.

“Бул жалгыз Американын согушу эмес. НАТОго мүчө жана шерик өлкөлөр азыркыдан көбүрөөк жардам берет. 2010-жылы Ооганстанга кошумча 5000 аскер жөнөтүлөт. НАТО, балким, кийинчерээк дагы күч кошот”, - деген Расмуссен Ооганстандагы туруксуз кырдаал Европа жана бүткүл дүйнөдөгү коопсуздукка чагым салган терроризм, исламдык фундаментализм, эл аралык маңзат аткезчилигине салым кошуп жатканын белгиледи.

Вашингтон Түндүк атлантикалык альянстагы өнөктөрдөн Ооганстанга дагы 10 миң жоокер жөнөтүүнү суранган эле. Брюссель анын жарымын камсыз кылууну убада кылды, алардын да кайсыл өлкөдөн алынаары азырынча белгисиз, анткени Британия 500, Польша 600 жоокер кошоорун айткан, Франция менен Германия мурункудан башка жөнөтө албаарын ырасташкан. Париждин көз карашын Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер шаршембиде дагы бир жолу бышыктап: “Азыркы учурда Ооганстандагы биз көзөмөлдөгөн аймакка кошумча аскердин зарылдыгы жок. Ал жерде баары жайында, биздин аскерлердин кылган ишине эл ыраазы. НАТОго мүчө өлкөлөр ичинен Франция Ооганстандагы аскерлердин саны жагынан 4-орунда турат”, - деп белгиледи.

Германиянын тышкы ишер министри Гидо Вестервелле Берлин ооган көйгөйүн саясий жолдор аркылуу жөнгө салууну колдооруна көңүл бурду. “Баарынан башкысы, - деп басым жасады министр, - биз ооган чатагы аскердин күчү менен чечилбейт деген АКШ президентинин пикирин колдойбуз. Аскерлер саясий аракеттерге жөлөк болушу керек. Биз Германия тараптан Ооганстандагы кайра куруу иштерине салымыбызды көбөйтүүгө даярбыз. Эң негизгиси, жоопкерчиликти өзүбүзгө жүктөп албай, аны тийиштүү тарапка өткөрүп берүү зарыл”.

Британиянын премьер-министри Гордон Браун Ооганстандагы аскердик кампания дипломатиялык, саясий аракеттер менен бекемделиши керек деп басым жасады.

Ооганстандын өзүндө АКШ президенти жарыялаган стратегия түрдүү пикир жаратты, аларды ооган парламентинин мүчөсү Нур ул Хак Улумнинин сөзү таасын сүрөттөй алат. Улумнинин айтымында, АКШ президенти Барак Обаманын жаңы стратегиясынын оң жана терс жактары бар. Ооганстандагы АКШ аскерлерин алып кетүүнүн мөөнөтү белгиленгени – оң көрүнүш. Ал ооган армиясы ошого дейре бутуна туруш керек деген белги. Бул жаңылык элдин аң-сезимине бурулуш алып келиши мүмкүн. Стратегиянын начар жагы - өлкөнү башкарууну жакшыртуу камтылбаганы болду. “Ооганстанда мыйзамдуу, эл ишенип-кадырлаган күчтүү, бирдиктүү өкмөт ишке киришмейинче, коррупция менен терроризмге бөгөт коюлбайт”, - дейт Кабулдук депутат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG