Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Америкалык генерал: "Кандагарда кан суудай акпайт"


Кандагардагы америкалык аскер, май, 2010-жыл.
Кандагардагы америкалык аскер, май, 2010-жыл.

АКШнын Ооганстандагы башкы командачысы жайга пландалган Кандагар шаарын талиптерден арылтуу операциясында шаар калкына коркунуч келтирилбейт деп ишендирди. Пентагондогу пресс-конференцияда генерал Стэнли МакКристалл бул операцияны шаарды борбордук өкмөт толугу менен өз көзөмөлүнө ала турган, коопсуздуктун «жай жана аз-аздап күчөй турган» толкуну катары мүнөздөдү.

Ушул жайга пландалган Кандагар операциясында карапайым шаар тургундарынын кырылышын канткенде болтурбоо мүмкүн деген маселе көпчүлүктүн көңүлүн өйүтүп турган кез. Себеби талиптер аскердик базаларда өзүнчө турбастан, эл арасында аралашып жүрөт. Аларды карапайым элден бөлүп тааныш кыйын экендигин истамбулдук саясий баяндамачы Сейдулла Огуз "Азаттыкка" мындайча билдирди:

- Америкалыктар террористтер менен жөнөкөй адамдарды бири-биринен айырышы керек, болбосо проблемалар көбөйүп кетет.

АКШнын жана НАТО уюмунун Ооганстандагы аскерлерин башкарган генерал Стэнли МакКристалл июнда баштала турган Кандагардагы операция карапайым тургундарга коркунуч келтирчү катардагы согуштук операция эмес деп ырастады.

Ушул аптада Ооганстандын президенти Хамид Карзай Вашингтонго келгенде, аны жандап жүргөн генерал 13-майда кабарчылар менен жолугуп, Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарын талиптерден тазалоо бул өлкөдөгү согуштун ийгилигинин ачкычы экендигин баяндап, буларды кошумчалады:

- Биздин башкы максаттарыбыз - түштүк Ооганстанды колго алуу. Бул аймакка Талиптердин руханий таянычы болгон Кандагар шаары, анын айланасы, ошондой эле бүткүл Ооганстан боюнча козголоңчулардын каржылык таянычы болгон Гилман дубаны кирет.

Кандагарда жарым миллиондой калк жашайт. Стэнли МакКристаллдын сөзү боюнча, шаарга бир мезгилде ар тараптан жан үрөгөн таризде кол салынбайт, анткени аны талиптер толугу менен көзөмөлдөбөйт.

Ал ошондой эле козголоңчуларды «тазалоо» менен катар, мамлекеттик башкаруунун деңгээлин көтөрүү керектигин баса белгиледи:

- Козголоңчулук менен күрөш узак мезгилге созулат. Себеби бул бир жолку иш-чара эмес. Биз Кандагарга барып, коопсуздукту камсыздоо ишине киришкенде, оогандарга башкарууну камсыздоого да жардам бере баштайбыз. Бул убакытты талап кылган татаал иш. Буга чейин мүмкүнчүлүктөр өтө чектелүү болгон жерде мамлекеттик башкарууну киргизүү оңой-олтоң эмес, деди америкалык кол башчы.

Анын айтымында, элди ынандыруу андан да кыйын болмокчу. «Мамлекеттик башкаруунун келечектүү экендигине, анын чыныгы башкаруу экендигине элдин көзү жетиши керек» - деди америкалык генерал.

XS
SM
MD
LG