АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы алмаштырылгандыгы тууралуу Пентагондо жарыялап жатып, оболу буларга токтолду:
-Штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, Борбордук командачылыктын башчысы менен акылдашкан соң жана президенттин жактыруусу менен мен генерал Дэвид Маккирнандын кызматтан чегинүүсүн сурандым.
Пентагондун бул жарыясы президент Барак Обаманын Ооганстанда Талибанга каршы таасирлүү күрөшүүнү караган жаңы стратегиясына ылайык, кошумча 21 миң жоокердин жайгашуусу башталып жаткан учурга туш келди.
Жалпысынан быйылкы жылдын аягына чейин Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 68 миңге жетери күтүлүүдө. Бул Барак Обама президенттин кызматына киришкен быйылкы жылдын январына салыштымалуу эки эсеге көп дегенди билдирет.
АКШ жана НАТОнун Ооганстанда көбөйтүлүүчү күчтөрүн эми генерал Стэнли Маккристал жетектемекчи. Ал мурда АКШ армиясынын атайын операциялар боюнча бөлүгүн башкарган. Бул бөлүк Иракта атайын адамдардын, өзгөчө “ал-Каида” лидерлеринин изине түшүүгө жоопкер болгон. Ошондой операциялардын биринин натыйжасында “ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмүнүн жетекчиси деп эсептелген Абу Мусаб ал - Заркави жок кылынган эле.
Коргоо министри Роберт Гейтс генерал Маккристалды бул кызматка сунуш кылып жатып, анын козголоңчулар менен күрөшүү тажрыйбасы чоңдугун, Ооганстандагы жаңжаалдын маңызын жакшыраак түшүнөрүн, согуш майданына “жаңы көз караш” алып келерин белгиледи.
Генерал Дэвид Маккирнан АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнө 11 ай гана жетекчилик кылды. Адатта АКШ мындай деңгээлдеги аскер адамдарын эки жылда бир алмаштырып турат. Ал кызматка былтыр жайда, президент Жорж Буштун тушунда келген. Командачылыкта турган учурунда генерал Маккирнан Ооганстанда кыянатчылыктар көбөйгөнүнө жана Талибан күчтөнгөнүнө байланыштуу Пентагондон кошумча аскер сурап келди, ошондой эле ооган жарандары арасындагы жоготууларды азайтуу багытында иштеди, бирок анчалык ийгиликке жете алган жок.
Өткөн жумада эле Фарах деген провинцияда АКШнын согушкерлерге каршы багытталган аба чабуулдары учурунда ондогон жөн-жай адам мерт болуп, ооган бийлигинин кыжырдануусун жаратты. Бирок коргоо министри Роберт Гейтс ырастагандай, командачы кайсыл бир катачылыктары үчүн алмаштырылган жок:
-Эч кандай жаңылыштык кеткен жок, адаттан тыш эч нерсе болбоду. Бул менин генерал Майк Маллен (Штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы), генерал Девид Петереус (Борбордук командачылыктын башчысы) менен консультацияларыма негизделген, балким, жаңы стратегиянын контекстинде жаңыча ыкма, жаңыча көз караш биздин кызыкчалыкка жооп берет деген ишенимим.
Ал эми “New York Times” гезити коргонуу тармагындагы расмий өкүлдөргө шилтеме берип жазганына караганда, Маккирнандын кызаттан бошотулушу ал “АКШнын тарыхындагы эң татаал аскерий көйгөйгө каршы кадимки эле ыкмалар менен иштегенине” байланыштуу. Британдык “Financial Times” гезити болсо дипломаттарга таянуу менен жаңы командачынын дайындалуусу Оганстандагы согуш учушунчалык чиеленишип кеткен жана согушту жүргүзүүнүн адаттан тыш ыкмаларын жакшы билген командачы зарыл деген ой-пикирди чагылдырып турарын белгиледи.