Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

АКШ Ооганстан менен Пакистанды ар тараптуу кызматташтыкка үндөдү


Барак Обама сүйлөшүүлөрдөн соң билдирүү жасап жатат.
Барак Обама сүйлөшүүлөрдөн соң билдирүү жасап жатат.

Вашингтондо АКШ, Пакистан жана Ооганстан президенттери жолукту. Тараптар согушкерлерге каршы күрөштөгү кызматташтыкты, АКШнын аймак боюнча жаңы стратегиясын талкуулашты.

Барак Обама Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдүн соңунан кабарчылар алдына чыкканда, анын бир тарабында Хамид Карзай, экинчи тарабында Асиф Али Зардари турду. Обама өз сөзүндө алдыдагы жол татаал экенин моюнга алды, бирок Кошмо Штаттар “ал-Каиданы” жеңүү жана Пакистан менен Ооганстандын демократиялык жол менен шайланган өкмөттөрүн колдоо убадасынан баш тартпасын белгиледи.

Эки өлкөдө тең күчтөнүп бара жаткан согушкерлерди жеңүү үчүн өз администрациясынын аймак боюнча жаңы стратегиясын Барак Обама бир ай мурда жарыялаган эле. Кечээги сөзүндө ал стратегия “фундаменталдык чындыкты – Пакистан, Ооганстан, АКШнын коопсуздугу өз ара киндиктеш экенин чагылдырып жатканын” айтты.

Обама Зардари менен Карзайга кайрылып мындай деди:

- Мен бул эки адам - Пакистан менен Ооганстандын шайланган лидерлери биздин алдыбызда турган коркунучтун олуттуулугун толугу менен аңдап билгенине жана ага каршы туруу боюнча милдеттемесин дагы бир жолу ырасташканына кубанычтамын.

Ар тараптуу кызматташтык

АКШнын аймак боюнча жаңы стратегиясы аскерий менен катар тынчтык мүнөздөгү чараларды да камтыйт.

Обаманын планына ылайык, АКШ, Пакистан, Ооганстандын өкмөттөрү ар кандай деңгээлде жана түрдүү багытта кызматташа баштайт. Бүгүн маселен АКШнын юстиция, энергетика, айыл-чарба министрлери, чалгын мекемесинин башчысы кызматташтык боюнча конкреттүү пландарды жана алардын мөөнөтүн талкуулоо үчүн ооганстандык жана пакистандык кесиптештери менен жолугат.

Чалгын маалыматтарын алмашуу, полицияны машыктыруу, апийим өндүрүшүнө каршы күрөшүү же соода макулдашуулары болобу, Обаманын айтымында, тараптардын баары максат - экстремисттер туудурган коркунучтан арылуу, карапайым элдин жашоосун жакшыртуу экенин түшүнөт:

- Биз “ал-Каида” жана анын өнөктөштөрү сунуш кылып жаткан келечектин далилдерин күн сайын көрүүдөбүз. Бул - зордук-зомбулук менен аргасыздыкка шыкалган келечек. Бул мүмкүнчүлүгү жана үмүтү жок келечек. Бул - Пакистан менен Ооганстандын эли эңсеген жана алар татыктуу нерсе эмес. Кошмо Штаттардын бул эки өлкөнүн келечегинде үлүшү бар. Биз коопсуздугубуз бир экенин кайра, кайра түшүнүп жатабыз.

Барак Обама кошумчалагандай, АКШнын Ооганстандагы саясаты - экономиканы тикелөөгө, быйыл жайда эркин жана адилет шайлоо өтүүсүнө жана коррупцияга каршы күрөштө жардам берүү.

Ал эми Пакистанда, Обаманын айтымында, администрациясы демократиялык институттарга жана өкмөт козголоңчулар менен күрөшүүсүнө колдоо көргөзөт:

-Биз Пакистанды талкалоочуларга каршы туруп гана тим болбой, көбүрөөк иш жасообуз керек. Пакистанды кургусу келгендер менен катарлаш туруубуз абзел. Ушундан улам Конгресстен мектептердин, жолдордун, ооруканалардын курулушун туруктуу каржылосун сурандым. Мен Пакистан эли Америка жөн эле терроризмге каршы эмес, биз алардын үмүттөрү менен тилектери тарабында экенибизди түшүнүүсүн каалайм.

Ооганстан, Пакистан чөлкөмү боюнча кеңири масштабдуу стратегия адам күчүн да талап кылат. Ушундан улам АКШ Ооганстанга кошумча 21 миң жоокер жөнөтүүдө жана өлкөнүн өзүнүн коопсуздук күчтөрүн машыктырууну күчөтмөкчү. Обаманын айтымында, АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрү жаңы стратегияны “колдоодо”.

Чукул жардам

АКШы президенти ошондой эле Конгресстен Пакистандан өкмөтүнө 400 миллион каражатты чукул бөлүп берүүнү суранды. Анткени өкмөттүк күчтөр учурда өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө талиб согушкерлери менен кармашууда. Жакында бул согушкерлер башкаала Исламабаддан жүз чакырым аралыкта жайгашкан районго чейин кирип барган эле.

Президент Асиф Али Зардари армияга өрөөндү таяныч бекетине айланып алган согушлерге чабуул жасоого ушул аптада кысым көргөзүүлөрдүн аркасында буйрук берди. Тынчтык орнойт деген ишенимде Пакистан өкмөтү Талибан менен мунасага барып, Сват өрөөнүндө шарият мыйзамы киргизилүүсүнө макул болуусун АКШ экстремисттерге багынып бергендик катары сынга алган.

Масилетке көлөкө түшүргөн маалымат

Вашингтондогу эки күндүк саммитин биринчи күнүнө болсо АКШнын апта башындагы аба соккусу Ооганстанда ондогон жөн-жай тургундарды мерт кылды деген маалыматтар көлөкө түшүрбөй койгон жок. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, өлгөндөрдүн саны 100дөн ашуун, ал эми Кызыл чырым уюму мындан азыраак санды айтты.

Кокус ооган тараптын маалыматы туура чыкса, бул - жайкын калктын жоготууга учурашынын 2001-жылы АКШнын аскерий операциясы башталгандан берки эң жаман окуясы болот.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Хамид Карзай менен сүйлөшүүсү учурунда Вашингтон жөн-жай адамдардын өмүрү кыйылганына “абдан, абдан” өкүнөрүн билдирди.

Ал эми президент Обама белгилегендей, ал Карзайга “жалпы душманга” каршы күрөштө жайкын тургундар арасындагы жоготууларды алдын алуу үчүн колдон келген чаралардын баары көрүлөрүн жана АКШ бул багытта Ооганстан жана эл аралык өнөктөштөр менен иштешерин айтты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG