Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

АКШда орусиялык 65 жетекчиге виза бербөө сунушу айтылды


Магнитскийдин иликтөөгө үндөгөн плакат
Магнитскийдин иликтөөгө үндөгөн плакат

АКШ сенаторлордун бири Орусиялык 60тан ашуун жетекчиге америкалык виза берүүгө тыюу салууну талап кылды. Кара тизмеге киргендер ири коррупциялык иштерге аралашып, алардын бетин ачкан адвокаттын өлүмүнө тиешеси бар деп шектелет.

АКШдагы Мэриленд штатынан шайланган демократ сенатор Бенжамин Кардин - Американын адам укуктары боюнча Хельсинки комиссиясынын төрагасы. Сенатор АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонго кат жөнөтүп, Москвада адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө алып келген чуулгандуу окуяга тиешеси бар 60тан ашуун адамдын АКШ визасын токтоосуз жокко чыгарып, келечекте аларга виза берүүгө тыюу салынышын талап кылды. Кара тизмеге Орусиянын ички иштер министрлиги, прокуратура, сот, түрмөлөрдү көзөмөлдөө органдарынын жооптуу жетекчилери кирди.

Сенатор Кардин дал ушундай катаал чара орусиялык жетекчилерге алардыкындай мыйзамсыз аракеттерге АКШда жол берилбейт деген белги болушу керек деп эсептейт.

- Бул абдан маанилүү маселе – аппачык эле көрүнүп калган коррупциялык иштер, адвокат Магнитскийдин эч кандай сотсуз эле узак мөөнөткө түрмөдө кармалышы, анын абактагы кейиштүү абалы – мунун баары адам укуктарынын одоно бузулушу болуп эсептелет. Ушул ишке тиешеси бар, ага салым кошкон жетекчилер – эл аралык коомчулук алдында АКШ мындай жорукту кабыл албастыгына көзү жетиши керек.

Былтыр жайда АКШнын Хельсинки комиссиясында бул иш боюнча атайын угуу болуп, анда маркум Магнитский адвокаттык кызмат көрсөткөн Эрмитаж-Капиталдын аткаруучу директору Билл Браудер кеңири көрсөтмө берген. Браудер АКШ Конгрессинин мүчөлөрү кирген комиссияда билдиргендей, Магнитский Орусиянын ички иштер министрлигинин жооптуу жетекчилери Эрмитаж Кэпиталдын 230 миллиондой долларлык каражатын мыйзамсыз жолдор менен кытып алганын таап чыккан. Магнитский ал тууралуу прокуратурага арыз жазып, көп узабай өзү күнөөлөгөн чоң жетекчилердин кол астында иштеген кызматкерлери тарабынан камакка алынып, анын өзүнө кайра ири суммадагы салыкты жашырган деген кине тагылган. 12 айдай абакта камалып отурган Сергей Магнитскийдин саламаттыгы кескин начарлап, адвокат 37 жаш курагында темир тор артында каза тапкан.

АКШлык сенатор Кардин маркум Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар 60тан ашуун орусиялык жетекчиге Америкалык виза берилишине бут тосууга үндөп, андай кадамга мурдагы президент Жорж Буштун атайын токтому жол берет деп белгиледи. Азырынча Орусия өкмөтү ага кандай жооп узатаары белгисиз.

Былтыр ноябрда адвокат Магнитский Бутыркадагы түрмөдө көз жумганда, Орусия президенти Дмитрий Медведев бул ишке байланыштуу бир нече милиция жетекчилерин кызматтан алган. Бирок Магнитскийдин абактагы өлүмү, же ал көтөргөн коррупциялык иштер боюнча эч ким айыпталып, же жазаланган жок.

Азырынча сенатор Бенжамин Кардиндин сунушуна АКШнын Мамлекеттик департаменти да үн ката элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG