Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

АКШ, Кытай: дүйнөлүк маселелерде бирге, башка иштерде өз алдынча


Бэйжинде жолугушкан Барак Обама жана Ху Цзинтао климаттын өзгөрүшү, Пхеньяндын өзөктүк программасы өңдүү дүйнөлүк көйгөйлөр жаатында бирге иштешүүнү макулдашышты.

Бирок, экономика, же адам укуктары маселесине келгенде, ортодо айырмачылык али арбын экени айкын болду.


Барак Обама менен Ху Цзинтао Бэйжиндеги жолугушууда мындан ары Америка жана Кытай элдери ортосунда “кызматташуу, түшүнүшүү жана оң багыттагы байланыштар” орнотууну убадалашты. Обама кытайлык кесиптеши менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында экөө Иран маселесинде орток пикир тапканын белгиледи.
“Биз Иран Ислам Республикасы эл аралык коомчулукка өзүнүн өзөктүк программасы жалаң тынч, жай турмуштук максатты көздөөрүн ачык-айкын далилдеши керектигине макул болдук. Иран мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чыныгы ниетин айгине кылышы керек, антүүдөн баш тартса, кесепетин тартат” – деп эскертти Обама.

Ху Цзинтао Америка менен Кытай бирдей Түндүк Корея өзөктүк программасы туурасында алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайтып келишин каалайт деп басым жасады. Ху белгилегендей, АКШ жана Кытай Корей жарым аралындагы өзөктүк маселе бир гана баарлашуу жана кеңешүү түрүндө талкууланып-чечилишин кепил кылууга умтулууда. Дал ушундай жагдай Кытай, АКШ жана башка тараптардын кызыкчылыгына төп келет.

Обама андан тышкары Ооганстан менен Пакистан да сөз болгонун кошумчалады. “Президент Ху экөөбүз Ооганстан менен Пакистандагы бейпилдик менен туруктуулук биз үчүн да пайдалуу экенин талкууладык. Бир да өлкө терроризмдин очогу боло албайт, ал максатка жетиш үчүн Түштүк Азияда тынч алакалар орнотуу зарылдыгын белгиледик”.

Дүйнөдөгү эки чоң өлкө лидерлери албетте, жер жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсү адамзат алдындагы эң башкы көйгөйгө айланганын да сөз кылышты. “Биз аба-ырайындагы өзгөрүүлөр, аны менен тыгыз байланыштуу энергетика жана айлана-чөйрө тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдаштык. Максат бир, жоопкерчилик ар башка экенин түшүнүү менен эмки айда Копенгагенде өтө турган дүйнөлүк жыйындын натыйжалуу болушуна салым кошуу ниетибизди ырастадык”, - дейт Кытайдын президенти.

Маалымат жыйынында эки тарап ортосунда экономикалык маселелерде түшүнбөстүктөр бар экени ачыкталды. Вашингтон жакында кытайлык машине дөңгөлөктөрүн ташып келүүгө кошумча салык киргизип, болоттон жасалган буюмдар экспортун чектеп, Кытайдын ачуусуна тийген. Ху Цзинтао учурдан пайдаланып, соода-экономикалык маселелерде эки тарап тең протекционисттик, же кимдир-бирөөнө тарткан саясаттан сак болушу керек, ортодогу карама-каршылыктар дагы талкууланат деп белгиледи.

Обама Кытай өкмөтү улуттук акча бирдиги – юандын алмашуу курсун атайлап төмөн кармап, өлкөнүн экспортун арттырууну көздөйт деген тынчсызданууларды эске салып, жакында Бэйжин юандын алмашуу курсун базар өзү жөнгө салат деп билдиргенин кубаттады. Тибет маселесине да кайрылып, АКШ президенти Кытай жетекчилерин бозгунчулукта жүргөн тибеттик лидерлер менен сүйлөшүүгө үндөдү. Ху Цзинтао эки лидер адам укуктары маселесине кайрылганын моюнга алып, бирок Кытай теңата, бири-бирин сыйлаган жана бири-биринин ички ишине кийлигишпеген алакаларды колдойт деп басым жасады.

Бэйжиндеги маалымат жыйыны аяктаган соң, Барак Обама Улуу Кытай чебин жана мурдагы монархтардын сарайларын кыдырып, сый тамак үстүндө кытайлык жетекчилер менен кайра бир сыйра баарлашты. Кытайдан мурун АКШ президенти Жапония жана Сингапурга барган. Шаршембиде ал Түштүк Кореяга жөнөп кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG