Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Эдуард Кеннединин оомал-төкмөл тагдыры


Эдуард Кеннеди Индира Ганди менен, 1971-жыл
Эдуард Кеннеди Индира Ганди менен, 1971-жыл

AKШ Сенатынын эң таанымал мүчөсү, киши колдуу болгон президент Жон Кеннединин иниси Эдуард Кеннеди 77 жашында мээ рагынан көз жумду. Дүйнө коомчулугу Кеннедини аза күтүп эскерүүдө.

Эдуард (Тэд) Кеннеди акыркы ондогон жылдарда америкалык саясий сахнадагы таасирдүү оюнчулардын бири болуп келген эле.

Атагы таш жарган агаларынын жанында сенатор Эдуард Кеннеди орто заар саясатчыдай көрүнүшү мүмкүн.

1969-жыл. Ал кезде Эдуард келечектен үмүттөндүргөн жаш сенатор болчу. Бирок ошол жылы жаза басып, беделине шек келтирип алды.

«Чаппакидик» деген ат менен тарыхка кирген ал чатак окуяда жаш сенатор машинасы жол кырсыгына учурап, жанында бараткан кызды таштап качып кетет. Кыз өлүп калып, Кеннеди кийин кырсык жайын таштап кеткен айыбын мойнуна алат. Ошондо ал шарттуу мөөнөт менен кесилет.

Кийинки жылы эле Кеннеди Сенатка шайлоодо кайра жеңип чыкты, бирок атактуу Кеннедилер бүлөсүнөн ал эл көзүнө «чобур» көрүнүп калды.

Анын улуу агасы Жон Кеннедини АКШнын тарыхындагы эң сүймөнчүктүү президент болуп, атагы таш жарып турганда, 1963-жылы атып кетишкен. Дагы бир бир тууганы Роберт да беш жылдан кийин президенттик шайлоо өнөктүгүндө киши колдуу болот.

Бирок иш жүзүндө Жон менен Робертке тең келе албаса да, Эдуардда Кеннедилерге таандык атактуу ажардуулук бар эле. Дээрлик жарым кылым коомдук кызматта болгон сенатор бара-бара либералдык баалуулуктарды талыкпай коргогон дөө-шаа саясатчыга айланды.

Эдуард Кеннеди Конгрессте, артында Барак Обама, 21-апрел, 2009-ж.

Ондогон жылдардан бери, саламаттыкты сактоо болобу, жарандык укуктар, билим берүү же иммиграция маселеси болобу, Конгрессте жактырылган сансыз мыйзамдардын дээрлик ар бирине анын колу тийди. Кеннеди өз либерализми үчүн кайнаса каны кошулбаган консерваторлор менен да тил табышчу.

Ал чукугандай сөз тапкан сөзмөрдүгү менен да оозго алынды. 1980-жылы Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болом деп ат салышып, Жимми Картерден жеңилип калды. Бирок анын жеңилгендеги сыпаа-сыйда сөзү жеңген Жиммини көлөкөдө калтыргандай эле болду:

- Биз кайгы-капасын тең бөлүшкөндөргө, талыкпаган ишин улантып жаткандарга айтаарым, алардын тилеген тилектери, үмүттөрү жерде калбайт, үмүттөр эч качан өчпөйт.

Бардык америкалык жарандарды саламаттык сактоо кызматы менен камсыздоо Эдуард Кеннединин бирден-бир асыл максатты болгон.

Ден-соолугу начарлап, рак оорусунан кыйналып жүрсө да сенатор президенттик шайлоого саламаттык системасын жакшыртууга башкы басым жасап катышып жаткан Барак Обаманы кош колдоп колдоду.

Былтыркы шайлоо өнөктүгүндө ал: "Мен Обама менен ушул жерде катарлаш турганыма сыймыктанам, Барак Обаманын Кошмо Штаттарынын келерки президенти болушуна болгон кайрат-күчүмдү жумшаганга даярмын," - деген эле.

Обама учурда саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо планын Конгресстен өткөрүүнүн убарасы менен жүрөт, бирок анын жыйынтыгын Эдуард Кеннеди көрбөй калды.

XS
SM
MD
LG