Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

АКШ менен Грузия коопсуздук жаатында иштешет


Америкалык жана грузин аскерлер быйыл Вазианидеги машыгуулар учурунда
Америкалык жана грузин аскерлер быйыл Вазианидеги машыгуулар учурунда

АКШ быйыл Грузиянын көңүлүн бир топ эле калтыргандай болду: НАТОго Грузияны алууга башкаларды көндүрө албады, Орусия менен согушта аскерий колдоосун жибербеди. Эми жыл этегинде Вашингтон Грузиянын таарынычын жазчу сунушун айтат окшойт.

Грузия быйыл апрелде Бухаресттеги жолугушууда НАТОго мүчөлүк алуу укугун берчү иш-планына ээ болот го деп үмүттөнгөн. Түндүк атлантикалык альянсына мүчөлүк алууну самаган ар бир мамлекет алгач мүчөлүккө укук берчү бул этаптан өтүшү зарыл.

Бирок Орусия катуу каршылык көрсөткөндүктөн НАТО Грузияга андай укук берүүдөн баш тартты. Анын оордуна азыр Грузия АКШ менен биргелешкен аскерий келишимге жетишээри күтүлүп жаткан учур.

Грузиянын Тышкы иштер министринин орун басары Нино Каланадзе АКШ сунуштаган ал келишимдин жоболору азыр каралып, сүйлөшүүлөр өтүп жатканын билдирди. «Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Келишимдин негизги жоболору Грузияга сунуш этилди. Азыр биз аны талкуулап, айрым өзгөртүүлөрдү америкалык тарапка сунуштайбыз, - дейт Каланадзе айым. - Бул иш Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринде жүрүп жатат. Биз өзүбүзгө пайдалуу боло турган жактарын тактап алгандан кийин биргеликте бир мунасага келебиз».

Коопсуздук келишими тууралуу ушул жумада Тбилисиге АКШнын Мамкатчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Мэтью Брыза барганда белгилүү болду. Брыза азырынча эч кандай келишим жок дегени менен биргелешкен аракет бар экенине так шилтеме берилгендей болду. «Биз коопсуздук жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча АКШ-Грузия кызматташтыгы тууралуу кеңири сүйлөштүк, - деди америкалык дипломат. - Биз дагы эле ушул «стратегиялык өнөктөштүк» деген кооз сөздү кантип турмушка ашыруунун жолдорун талкуулап жатабыз».

АКШ ошол эле учурда Украина менен да стратегиялык өнөктөштүк боюнча аракеттерди көрүүдө.

Украина да, Грузиядай эле, НАТОго мүчөлүк планын ала албай калган. Украинаны да расмий Москва Батыш менен байланышты үзгөнгө түртүп келатат.

АКШ, Британия жана НАТОго жаңы эле мүчөлүк алган Польша, Чехия жана Балтика боюндагы мамлекеттер Грузия менен Украинанын бул альянска киришин колдошот.

Германия менен Франция болсо бул өңдүү аракет постсоветтик аймакты дале өзүнүн таасири астындагы регион деп эсептеген Орусиянын кыжырына тийет деп, аны колдобой жатышат.

Грузиялык жетекчилик АКШ менен эки тараптуу келишим алардын НАТОго мүчөлүгүнө жардам болот деп үмүттөнүшөт. Ар арада аналитиктер болсо, тетирисинче, бул Түндүк Кавказда жаңжал чыгарып, абалды бейстабилдештириши мүмкүн дешет. Анткени ал жакта өзүн Грузиядан эгемен деп жарыялаган Түштүк Осетия менен Абхазияда Орусия аскерлерин кармап турат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG