Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

АКШ лидеринин Азиядагы сапары уланууда


8-ноябрда АКШ президенти Барак Обама Дели шаарында Индиянын премьер-министри Манмохан Синх менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

АКШ президенти сүйлөшүүлөр маалында Индия менен Пакистандын ортосундагы пикир келишпестикти тынчтык жолу менен чечүүгө үндөдү. Барак Обама Пакистандагы экстремизм менен күрөш дүйнө коомчулугу күткөндөй натыйжа бербей жатканын белгиледи. АКШ президенти мунун алдында Индия менен 10 миллиард доллар көлөмүндө келишим түзүлгөнүн билдирген.

АКШ лидеринин Азияга сапары бул аймактагы өлкөлөргө америкалык экспорттун көлөмүн арттыруу, Америкада жаңы жумушчу орундарды түзүү, Бээжиндин валютасы болгон юандын жасалма түрдө арзандатылышын талкууга алуу, Түштүк Корея менен көп жылдардан бери созулуп келаткан эркин соода келишимди токтотуу максатын көздөйт. Азияга сапарынын үч күнүн Б.Обама Индияда өткөрүүдө.

Сапарга аттанар алдында Барак Обама мурда 5 жылга деп кабыл алынган кызматташуунун алкагында америкалык продукцияны Индиянын базарына өткөрүү жолун жеңилдетүү тууралуу сөз кылган. 2008-жылы Индия менен АКШ ортосундагы товар жүгүртүү 40 миллиард долларга жеткен.

Бул күндөрү АКШда өткөн шайлоодо демократтар жеңилип, президенттин саясий аброю бир кыйла түшкөн. Адистер эми Барак Обама тышкы саясатты жөнгө салуу менен аброюн кайрадан көтөрүүнүн аракетин көрүп жатканын айтышат. Бирок Вашингтондогу “Мурас” корунун өкүлү Уолкер Ломан мындай пикирлер менен макул эмес:

- Мен андай пикирге кошула албайм. Бул – узак убакыттан бери сүйлөшүлүп, талкууланып келаткан маанилүү сапар. Бул – Азия жана Тынч океандагы экономикалык кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусун утурлай жасалган сапар.

Уолкер Ломан Америкада жаңы жумушчу орундарды түзүү багытында Барак Обаманын аракети жемиштүү болору туурасында күмөн санабоо керектигин белгилейт:

- Сөзсүз ишке ашат. Президент жөн жеринен 2 жүздөй ишкерди өзү менен ала кеткен жок. Алар бир катар келишимдерди түзүп кайтышат. Ошондой эле Тынч океан аймагындагы өлкөлөр менен эркин соода тууралуу келишимдер да түзүлөт.

Барак Обама он күнгө созулчу иш сапарында Индонезияда болуп, Сеулда “Чоң жыйырманын” саммитине катышып, андан соң Йокогама шаарында Азия жана Тынч океандагы экономикалык кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусуна катышат.

XS
SM
MD
LG