Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Мурдагы дипломат башынан өткөн барымтаны эскерди


1979-жылдын 4-ноябрында Тегерандагы элчиликте барымтага алынган америкалыктар мекенине 1981-жылдын 27-январында кайтып келген.
1979-жылдын 4-ноябрында Тегерандагы элчиликте барымтага алынган америкалыктар мекенине 1981-жылдын 27-январында кайтып келген.

Ирандык студенттердин тобу АКШнын Тергендагы элчилигин басып алган күнгө 30 жыл толду. 1979-жылдын 4-ноябрында АКШнын Тегерандагы дипломатиялык иштерине баш-көз болуп турган Брюс Ланген 30 жыл мурдагы ошол окуяны эскерди.

“Азаттык”: - 1979-жылдын 4-ноябрында студенттер элчиликти басып алганда сиздин оюуңузга алгач эмне келди, кандай сезимде болдуңуз?

Брюс Ланген: - Адегенде эле мен дендароо боло түштүм, кыжырым келди, айран-таң калдым. Адам катары ошол учурдагы алгачкы эмоцияларым мына ушундай эле. Мен мындай болбойт го деп үмүттөнгөм. 1979-жылдын февралында ыңкылаптын шары менен орун алгандагыдай окуя болушу мүмкүн экендигин сезгенбиз, бирок ал кайталанбасын деп тилегенбиз, үмүттөнгөбүз. Анткен менен болду. Бирок бул ирээт 1979-жылдын февралындагыдай бир нече саатка эмес, кыйла узакка - 444 күнгө созулду.

“Азаттык”: - Ошол 444 күндүн ичинде силерге кандай мамиле жасалды?

Брюс Ланген: - Мени эркиндигимен ажыратышты. Бул айтылгандай эле эң жөнөкөй. Кесиптештеримдин баары, алардын саны 53 эле, ар кандай деңгээлдеги укук бузууларды көрүштү. Алардын көпчүлүгү жана мен абакта жалгыздан отурдук. Бул адам укуктарынын эң одоно түрдө бузулуусу эле. Дегеле жасалган мамилени биз фундаменталдык укукубуздан – эркиндиктен, эркиндик деген сыйкырлуу түшүнүктөн айрылганыбызды эске алганыбызда, жакшы деп айтууга эч болбойт.

“Азаттык”: - Барымтадагы күндөрүңүз өмүрүңүзгө кандай так салды, сизди өзгөрттүбү?

Брюс Ланген: - Албетте ошол учурда менин жашоомду өзгөрттү. Узак мезгилден алганда болсо, ошол окуянын таасири мекен, дипломатия, үй-бүлөм, бирге отурган кесиптештерим алдындагы парзымды көбөйттү. Менин башыман өткөндөр ошол мезгилдин эң сейрек кездешкен жана уникалдуу тажырыйбасы болду. Ал эми түпкүрүндө менде Иран чет элдиктерге карата өзүнүн меймандостук салтын бузду деген иренжүү сезими калды, бирок албетте ошол кездеги кыжырдануу бүгүн менде жок.

"Азаттык": - Артка кылчайып, отуз жыл мурдагы окуяларды эскергенде, бүгүн кандай ойго келесиз?

Брюс Ланген: - Артка кылчайганда мен андан бери отуз жыл өтсө да, биз АКШ менен Ирандын алакасы үчүн али негиз таба албаганыбызга өкүнөм. Бул - эки тарап үчүн тең өкүнүчтүү. Жакында Женевада эки тараптын ортосунда бир байланыш болгонуна мен терең кубанычтамын. Бул кеңейтилиши зарыл. Биз эки өлкө, өзгөчө эки өкмөт ортосунда мамиле орнотуунун кандайдыр бир жолун табышыбыз абзел. Мындай нерсе АКШ менен Ирандын окшош кызыкчылыктары көп экендигинен улам эле жасалбашы керек. Биз ошол окшош кызыкчылыктар жөнүндө сүйлөшүүнүн жолун табышыбыз зарыл жана бул бизди улам бириктирип жаткан азыркы дүйнөдөгү кадимки жана табыгый көрүнүш болушу керек.

Барымта окуясынын отуз жылдыгында Тегеранда кезектеги антиамерикалык демонстрация өттү.
“Азаттык”: - Бирок айрымдар Иран АКШ менен сүйлөшүүгө азырынча даяр эмес деп эсептешет. Анын үстүнө 3-ноябрда эле Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменейи АКШны айыптап, Вашингтонго ишенүүгө болбой тургандыгын айтпадыбы?

Брюс Ланген: - Мен Иран тараптын ушундай сөздөрүнөн чарчадым. Көп жылдардын бери уга берип, кускубуз да келип калды. Иран эми ушуга окшогон жоруктарын артка таштоосу керек жана муну ириде өлкө жетекчилиги көргөзүүсү абзел. Жогорку лидер 3-ноябрда айткандарын эске алганда, мен бул жакын арада болоруна ишене албайм.

“Азаттык”: - Сүйлөшө келгенде ирандыктардын көбү алар Америка менен жакшы мамилеге артыкчылык беришерин, ошондой эле 1979-жылкы барымта катачылык болгонун айтышат. Сиз мурдагы барымтачылардан өкүнүч же кечирим билдирилген сөздөрдү уга алдыңызбы? Алар байланышууга аракет жасаштыбы?

Брюс Ланген: - Мындай нерселерди мага азыр АКШда жашап жаткан ирандык америкалыктар эле эмес, биз азыр фарси тилдүүлөр эң көп жашаган экинчи өлкө болуп калбадыкпы, ирандык жөнөкөй жарандардын көбү айтышты. Мен өкүнүч билдирилген пикирлерди ушул сындуу адамдардан уктум, бирок Ирандын жетекчилигинен укканым жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG